Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

АКШ: Шайлоодо жаштардын активдүүлүгү байкалат


Ушул тапта кабарчыбыз Гүлайым Ашакеева АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Колумбия университетинде билимин өркүндөтүп жүрөт. Гүлайым бүгүн Нью-Йорктогу айрым шайлоо чөлкөмдөрүн кыдырып, добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо салган. Г.Ашакеева АКШдагы шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу “Азаттык” менен ой бөлүштү.

“Азаттык”:- Шайлоонун алгачкы жыйынтыктары кандай? Добуш берүүчүлөрдүн активдүүлүгү тууралуу эмне айта аласыз?

Гүлайым Ашакеева:- Мен азыр Нью-Йорк шаарынын жогорку батыш бөлүгүндө турам. Бул жерде бир эле көчөдө бет маңдай жерде эки шайлоо чөлкөмү ачылган. Сыртта добуш берүү үчүн күтүп турган элдердин саны 500дөн ашуун.

Шайлоочулардын айтымында, алар добуш берүү үчүн 1 сааттан ашык ошол жерде күтүп, андан кийин ичине кирип, 20 мүнөттөй убакыттын ичинде атайын шайлоо машиналарында добуш берип чыгышууда.

Менин байкашымча, элдин маанайы абдан жакшы. Анын үстүнө бүгүн Нью-Йоркто аба-ырайы дагы абдан жакшы болуп турат.

“Азаттык”:- Шайлоочулардын өздөрү менен сүйлөшө алдыңызбы?

Гүлайым Ашакеева:
- Айрым шайлоочуларды кепке тартканымда, добуш берүү үчүн 1 сааттан ашык күтүшсө дагы, маанайлары жакшы болуп турганы көрүнүп турат. Кайсы талапкер үчүн добуш бергенин сураганымда, көпчүлүгү өздөрүнүн талапкеринин атын айтуудан баш тартышты.

Азыр мен турган Нью-Йорктун батыш жогорку бөлүгүндө негизинен теги афроамерикалыктар көп жашайт. Ошондуктан шайлоо участактарында дагы теги африкалык шайлоочулардын саны көбүрөк басымдуулук кылууда.

“Азаттык”:- Шайлоочулардын жаш курагы тууралуу айтсаңыз. Жаштар басымдуулук кылып жатабы, же улуу муундун өкүлдөрүбү?

Гүлайым Ашакеева:- Негизинен, америкалык жаштар саясаттан алыс. Бирок бул жолку шайлоо адаттан сырткаркы көрүнүштү байкоого болот, деп америкалык серепчилер айтууда. Анткени бул ирээт америкалык жаштар шайлоого активдүү катышууда. Азыр мен турган шайлоо чөлкөмүндө дагы добуш берүүгө кезек күтүп тургандардын арасында жаштар басымдуулук кылат. Алардын ичинде көбү - теги африкалык жаштар.

Эң кызыгы, эки талапкер тең өздөрүнүн үгүт иштерин улантууда. Барак Обама Чикаго шаарында, ал эми МакКейн Аризона, Колорада штаттарында бүгүн дагы үгүт иштерин улантышууда.

“Азаттык”:-Рахмат.

XS
SM
MD
LG