Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:56

АКШ: Шайлоонун натыйжасын алдын-ала кантип билсе болот?


Сатылган беткептерди, баалуу кагаз базарындагы жогорулаган көрсөткүчтөрдү жана америкалык футболчулардын акыркы таймашынын жыйынтыгын эмне бириктирет? Баарынан кызыгы, булардын бардыгы АКШдагы президенттик шайлоонун натыйжасы кандай болооруна алдын ала ишара кылышы мүмкүнбү?

Коомчулуктун пикирин билүү үчүн өткөрүлгөн улуттук сурамжылоолор –Ак үйдүн кийинки кожоюнун аныктаган кыйыр көрсөткүчтөрдүн биринен болоору талашсыз.

Бир нече апта бою сурамжылоонун жыйынтыктары демократ сенатор Барак Обама атаандашы, Республикалык партиядан талапкер сенатор Жон МакКейнден алдыга озуп баратканын көрсөтүп турду.

Бирок дүйшөмбү кечинде өткөрүлгөн америкалык футбол мелдешинин жыйынтыгы президенттик шайлоонун натыйжасын көрсөтө алат дегенге кандай карайсыз?

Ишенбейсизби? Вашингтондун айтылуу америкалык футбол клубу Redskins (“Кызыл терилүүлөр”) өз талаасында эң соңку оюнда утулган-утулбаганына жараша АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыктары чыкканга чейин эле анын натыйжасы кандай болоруна 70 жылдан бери аян берип келген дешет.

“Redskins эрежеси” деген ат менен белгилүү болгон аянга ылайык, эгерде оюнда бул “Кызыл терилүүлөр” клубу жеңсе, анда бийликтеги партия Ак үйдө дагы төрт жылдык мөөнөткө кала берет, эгерде “Кызыл терилүүлөр” бул оюнда жеңилүү ызасын тартса, анда бийликтеги партия өзүнүн атаандашына Ак Үйдү алдырып жиберет.

Ушундан улам, “Redskins эрежесине” ылайык, Обама шайлоодо жеңет деп айтса болот. Себеби дүйшөмбү түнү “Кызыл терилүүлөр” 23-6 эсеби менен атаандашы Pittsburgh Steelers клубуна утулуп калды.

Мындан сырткары акча сайыштын жыйынтыгынан улам дагы шайлоодо ким жеңип чыгарын жоромолдосо болот дешет. Бул жылы акчага мелдешкен букмекерлердин көбү шайлоодо демократ Барак Обаманын пайдасына мелдешкени кабарланууда.

Маселен, ирландиялык Пэдди Пауэр (Paddy Power) компаниясы Обаманын жеңишин колдогондорго акча төлөп берди.

Бул компаниянын басма сөз өкүлү Шарон МакХью (Sharon McHugh) мындай дейт:

- Менимче, бүт өлкө боюнча Обама өзүнө жеңишти ишенимдүү түрдө камсыз кылат окшойт.

Эгерде акча саюу мелдеши сизге жакпаса, анда шайлоонун натыйжасына алдын ала аян берген башка көрсөткүчтү сунуштайбыз. Бул - беткептер.

Кайсы талапкердин беткеби көбүрөөк сатылса, ошол талапкер Ак үйдүн жаңы кожоюну болот деген да жоромол бар. Интернеттеги онлайн-дүкөндүн маалыматына ылайык, азырынча Обаманын беткептери МакКейндикине салыштырмалуу алда канча көбүрөөк сатылып жатат.

Бирок бул көрсөткүч дагы өтө эле жөнөкөй көрүнүшү ыктымал. Андай болсо башка деле ыкманы карап көрөлү. Мисалы, сандар. Америкалык профессор Алан Абрамовиц шайлоочулардын добуштарын алдын-ала так айтып берген математикалык моделди иштеп чыкканын билдирет. Анын эсебине ишенсек, Обама 54.3 пайыз добуш менен МакКейнди утуп алышы күтүлөт.

Шайлоонун натыйжасын алдын ала билүүнүн дагы бир кызыктуу ыкмасы бар. АКШдагы ири дүкөндөрдө эки түстөгү чынылар сатылууда – кызыл түстөгүлөр Республикачыл партиянын талапкери МакКейн үчүн, ал эми көк түстүүлөрү демократ Обама үчүн. Учурда “Обаманын чынылары” “МакКейндин чыныларына” салыштырмалуу көбүрөөк санда сатылууда. Ушул эле “Чыны сатуу эрежеси” акыркы эки шайлоодо тең Буш утаарын алдын ала көрсөтүп, ал чын чыккан.

Эгерде мындай эрежелерге жана төлгөлөргө дагы эле ишенбесеңиз, анда башкасын айталы. Акыркы 80 жылдан бери АКШда баалуу кагаздар базарлары президенттик үчүн талапкерлердин калк арасындагы аброюн так көрсөтүп келет. Эгерде баалуу кагаздар биржасында көрсөткүчтөр жогору болсо, бийликтеги партия жеңишке жетет, төмөндөп кетсе, утулат. Эми карап көрүңүз, октябрда биржалардын негизги индекси – Доу Жонстун көрсөткүчтөрү кескин төмөндөп кеткен. Бул, албетте, инвесторлор үчүн жаман кабар, бирок балким Обама үчүн жакшы аян болуп жүрбөсүн...

Төлгөгө таптакыр ишенбегендер үчүн да бир жол бар. Бул – добуш берүү жана анын расмий жыйынтыгын күтүү.

XS
SM
MD
LG