Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:02

Gallup: Адилет шайлоо кайда бар?


Өз өлкөсүндөгү шайлоонун адилет болгонуна 134 мамлекеттеги жарандардын орточо 41 проценти ишенет, ал эми 47 проценти ишенбейт. Gallup тобу былтыр жана быйыл өткөргөн изилдөө ушундай натыйжаларды берген.

Gallup тобунун социологдорун бул ирет руандалыктар таң калтырышты. Бу жерде өткөн шайлоону жарандардын 93 проценти адилет болду деп баалашкан. Натыйжада мындан бир нече жыл илгери эле кызыл уук кыргынга туш болгон Руанда иликтөөнүн сап башына чыккан. Анын соңунан Ботсвана, саал кийинки орунда Лаос аталган. Булардын биринчисинде адилет шайлоо болгонунан шектенбегендер - 92, экинчисинде – 89 процентке жеткен.

Аталган үч өлкө адатта коррупция коолап-чайлап кеткен жерлерде таза шайлоо болбойт деген көз карашты төгүндөгөндөй болушту. Transparency International аларды коррупция жадыбалында такай ортодон төмөнкү деңгээлге жайгаштырып жүрөт. Ал эми Дания, Финляндия, Швеция өңдүү түндүк европалык өлкөлөр таза колдуу коомдо таза шайлоо айныгыс көрүнүш экенин кайрадан тастыкташты.

Кызыгы – АКШда шайлоонун адилет болоруна калктын 47 проценти ишенет экен. Gallup тобу муну дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн биртке жогору, бирок жалпы Батыш демократиясындагы өлкөлөргө салыштырганда кыйла төмөн көрсөткүч деп баалаган.

Регионалдык кыйымдан алганда адилет шайлоого ишеним Европа менен Азияда дээрлик бир абалда. Алардын ар биринде ушундай позицияда тургандар саны орточо 48 процентке барабар. Бирок Европанын чыгышында таза шайлоо мүмкүндүгүнө ишенгендер батыштагыларга караганда кыйла аздык кылат. Африкада, Түндүк жана Түштүк Америкада шайлоо акыйкат өткөнүнөн күмөн санабагандар орточо 33-36 процентке барабар.

Өз өлкөсүндөгү шайлоону адилет деп эсептебегендер баарынан Зимбабведе көп, жарандардын дээрлик 86 проценти бу жерде таза шайлоого ишенбейт. Армения менен Украинада былтыркы жана быйылкы шайлоону калктын 14 проценти гана адилет өттү деп эсептешет. Кыргызстанда бул көрсөткүч 27 процентке барабар. Былтыр декабрдагы шайлоону калктын 60 проценти адилетсиз деп аташкан. Таза шайлоо болоруна ишенбегендер Казакстанда 51 проценттен ашат. Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан Gallup тобунун бул жолку изилдөөсүнө кирген эмес.

Экс-совет республикаларынан өткөн айда эле Азербайжанда президенттик шайлоо болуп, Илхам Алиев дагы беш жылга мандат алды. Бийликтер шайлоо мыйзам чегинде өттү деп ырасташты. Оппозициядагы Элдик фронт партиясынын лидери Али Керимли болсо шайлоону “Азербайжанда тоталитаризмдин орношу” катары баалады.

Андан бир ай мурда Белоруссиядагы парламенттик шайлоону президент Александр Лукашенко “Батыштын эрежеси менен өткөрүлгөн эң адилеттүү өнөктүк” катары атап, “мындайды эч жерден таппайсыңар” деп ырастаган эле. Ал эми оппозиция шайлоонун жыйынтыктарын тааныгандан баш тартып, бул жолу деле добуштар бурмаланып, депутаттар шайланбай эле, дайындалды деп билдирди.

Gallup тобунун изилдөөсүндө шайлоонун адилеттигине ишенгендер Азербайжанда –39, Белоруссияда – 38 процентке жетет.

XS
SM
MD
LG