Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

Дүйнө Обаманы куттуктап жатат


Дүйнө лидерлери АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обаманы куттуктап жатышат. Көпчүлүк лидерлер Обаманын жаңы өкмөтү менен жакшы алакаларды мындан ары да чыңдоо нийетин билдиришүүдө. Айрымдары АКШнын кара түстүү президентинин жалпы коом үчүн тарыхый чоң мааниге ээ болгон жеңишин баса белгилешүүдө.

Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Баррозо Барак Обаманы куттуктап, каржы кризисине кептелген дүйнө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып жатканын белгиледи:

- Президент Обама менен биз Европада дүйнөлүк каржы кризисин жеңүү, климаттын кескин өзгөрүп жатышы менен күрөшүү жана алдыга өсүштү камсыздоо багытында иш алып барарыбызга ишенебиз.

Франциянын президенти Никола Саркози Обамага жөнөткөн куттуктоосунда “бардыгыбыз оор кыйынчылыктарга тушуккан кезде, сиздин жеңишиңиз Франция, Европа жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө зор үмүттү пайда кылды” деп билдирди.

Обаманы жеңиши менен Британиянын премьер-министри Гордон Браун дагы куттуктады. Лондондо сүйлөгөн сөзүндө Браун буларды айтты:

- Менимче, кийинки бир нече айда жана жылдар бою биз, биринчиден, экономикалык проблемаларды чечүү, экинчиден, келечек үчүн кубаттуу экономикалык системаны куруу, үчүнчүдөн, айрым дүйнөлүк проблемаларды, мисалы Жакынкы Чыгыштагы маселелерди чечүү үчүн биргелешип иш алып бара алабыз деп ишенем. Ансыз дүйнөнүн башка аймактарында да туруксуздук келип чыгышы ыктымал.

Ал эми Орусиянын президенти Дмитрий Медведев бүгүн калкка кайрылуу жасаганда, АКШ буга чейин жүргүзгөн саясатты бир нече багытта сынга ала кетти.

Дүйнөнүн көпчүлүк лидерлери теги кара түстөгү, башкача атйканда, афроамерикалык болгон Барак Хусейн Обаманын жалпы коом үчүн тарыхый чоң мааниге ээ болгон жеңишин өзгөчө баса белгилешти.

Түштүк Африканын президенти Кгалема Мотланте (Kgalema Motlanthe) “шайлоодогу жеңишиңиз сиздин миллиондогон мекендештериңизде жана афроамерикалык тектеги адамдарда үмүт отун жандырды” деп билдирди.

Австралиянын премьер-министри Кевин Руд “Обама адам укугу үчүн күрөшкөн кыймылдын лидери Мартин Лютер Кингдин кыялын орундатты” деп белгиледи:

- Сенатор Обаманын тарыхый жеңиши Америка элин шыктандырды. Сенатор Обаманын үмүт жараткан кайрылуусу Американын келечеги үчүн гана эмес, бул – бүт дүйнө үчүн дагы үмүт оту.

Кениянын президенти Мваи Кибаки бейшембини (6-ноябрда) Обаманын жеңиши үчүн улуттук майрам катары жарыялады. Обаманын атасы - Кениядан болчу.

Азия өлкөлөрүнүн лидерлери дагы Обаманы кызуу куттукташты. Кытайдын төрагасы Ху Цзинтао эки тараптуу кызматташтык жаңы деңгээлге көтөрүлөрүн белгиледи. Ал эми Жапониянын премьер-министри Таро Асо эки өлкө ортосундагы мамилени андан ары бекемдөө үчүн АКШнын жаңы лидери менен кызматташарын убада кылды.

Иранда парламенттин белгилүү депутаты Хамид Реза Хажи Бабайи Обаманын жеңиши Иран Ислам жумурияты күткөн АКШдагы өзгөрүүлөрдүн белгиси болушу ыктымал деди.

Ирактын тышкы иштер министри Хошйар Зебари расмий Багдад Обаманын жеңиши эки өлкө ортосундагы ийгиликтүү дипломатиялык мамилелерди андан ары бекемдөөгө жол ачат деп айтты.

Палестинанын президенти Махмуд Аббас болсо Барак Обаманы Израил-Палестина ортосундагы тынчтык макулдашуусуна жетүү аракетин тездетүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG