Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:10

“Жаңы Кыргызстан” жаңы өкмөттү талап кылат


Партия лидери И. Исаков энергетикалык кризиске, коррупциянын өсүшүнө алып келгени үчүн өкмөттү кызматтан кетирүү талабын койду. Партия ошондой эле өкмөт курамын олуттуу кыскартууну сунуштоодо.

Президент Курманбек Бакиевдин ички, тышкы жана кадрдык саясатына каршылык билдирип, Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан бошотуу арызын 10-октябрда президентке тапшырган Исмаил Исаков энергетикалык кризиске азыркы өкмөттүн жетекчилиги күнөөлөп, аны кызматтан кетирүү талабын койду. Исаков ошондой эле Бишкек жылуулук борбору, “Бишкекжылуулуктармактар” ишканасы жана “Түндүкэлектрону” менчиктештирүүгө каршы экенин билдирди. Бул ишканаларды сатуу боюнча чечимди болсо өкмөт өткөн жумадагы жыйынында кабыл алган.

“Жаңы Кыргызстан” партиясы азыркы өкмөттүн структурасы опсуз кеңиртилген деп эсептейт жана анын ордуна жаңы структураны сунуштап жатканын Исаков мындайча билдирди:

-Кандай структураны биз сунуштап жатабыз? Бүгүнкү күндө 19 министрлик бар, тактап айтканда 14 министрлик, 5 комитет бар. Аларга агенттиктерди жана башка структураларды кошсок, жалпысынан 100гө жакын структура болот. Биздин сунушта 12 министрлик, 14 агенттик, фонд жана кызматтар бар. Премьер-министр жана анын төрт орун басары болуш керек.

Долбоордо Адилет министрилиги менен Башкы прокуратураны бириктирүү, Мамлекеттик катчыга Тышкы иштер министрлигин тапшыруу сыяктуу жаңылыктар каралган. Жаңы өкмөттүн курамын болсо саясий партиялардын макулдашуусу жана кеңешүүсүнүн негизинде куралыш керектиги айтылган.

Мына ушундай сунуштарды камтыган ачык кат менен “Жаңы Кыргызстан” партиясы президент Курманбек Бакиевге кайрылды. Эми аны президент кабыл алабы? Маселе ушунда.

Президент жетектеген жана азыркы өкмөттү түзгөн “Ак жол” партиясынын лидерлеринин бири Ажибай Калмаматов энергетикалык кризистин булагын табийгаттан көрүп, партия азыркы өкмөттү колдоорун билдирди:

-Кышка келген маалда өкмөттү кетире турган болсок абалыбыз азыркыдан үч эсе оор болуп калат. Бул биринчиден. Экинчиден, ар ким өзүнүн баласын коргогондой, бул өкмөт биздин “балабыз”. Аны биздин партия түзгөндөн кийин биз аны коргойбуз, колдон келсе жардам беребиз. Аны жардан ары түртүп жибергенге шартыбыз жок.

“Ак жол” фракциясы ошондой эле парламентке кирбеген партиялар менен коалициялык өкмөт түзүүгө конституция жол бербешин да белгилеп жатат.

Саясат таануучу Марс Сариевдин пикиринде, “Жаңы Кыргызстан” партиясынын сунушу жөн жерден чыккан жок жана ал президент үчүн оңтойлуу жагдай түзүп берет:

-Менин оюмча “Жаңы Кыргызстан” ушундай билдирүү менен жөн чыккан жок. Жакында Коопсуздук кеңештин жыйыны болот. Ага президент К. Бакиев катышат. Ошондо бир топ министрлер кызматтан кетет болуш керек. Менин оюмча, Бакиев сунушту кабыл алат. Өкмөттө чоң өзгөрүүлөр болот. Президенттин да ою бар өкмөттүн курамын өзгөртүп, оптималдаштырууну көздөгөн. Кризис үчүн күнөөлүүлөрдү атап кетиш да Бакиев үчүн жакшы.

“Жаңы Кыргызстан” партиясынын лидери Исаков оппозициялык күчтөр дүйшөмбү күнү кабыл алган меморандум көңүл бурууга татырлык экенин айтып, өлкөнү өнүктүрүүнү көздөгөн ар кандай кыймылдарды колдой турганын билдирди. Маалым болгондой, оппозиция кабыл алган меморандумда өлкөнүн бийлик системасын өзгөртүү боюнча тилектештик билдирилген.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG