Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

Илим Карыпбеков: Авторитардык жолго кеттик


Соңку убакта Кыргызстанда сөз эркиндигинин деңгээли кыйла начарлап кетти, аны жакшыртуу боюнча мамлекеттик аракеттер да жокко эсе. Кыргызстандагы медиа өкүл Илим Карыпбековдун айтымында, бул жагынан мамлекет туура эмес жолго түштү.


- Соңку жылдары сөз эркиндиги бир кадам артка кеткендиги көп эле айтылып жатат. Бул жөнүндө “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун отчетторунда баса белгиленген. Бир катар гезиттер сот жообуна тартылып, айрым журналисттер өлкөдөн чыгып кеткен окуялар болуп кетти. Мындай кырдаал эмнеге алып келиши мүмкүн?

- Азыркы учурда маалымат агымына баарыбыздын тиешебиз бар. Маалымат мааниси жылдан жылга жогору болуп баратат. Маалыматты демократиялык мамлекеттин өнүгүүсүнө түрткү бере турган эң маанилүү фактор деп айтсак болот. А биздин өлкөдө буга жетиштүү маани берилбестен, бир ууч топтун жеке кызыкчылыгына колдонуп жатышат. Бул эң туура эмес саясат. Жанагыдай коркутуп-үркүтүү фактылары акыры жүрүп сөз эркиндигинин жок болушуна алып келсе, анда мындай кейиштүү көрүнүш орун алган мамлекетте эч качан демократия да болбойт. Сөз эркиндигин өнүктүрүүгө аракет кылып, маани бербесек, авторитардык жолдон эч качан чыкпайбыз.

- “Дело №” гезитинин кабарчысы Улуттук коопсуздук кызматына чакырылып, өзүнүн ишмердиги жөнүндө сурак бергендиги жөнүндө жаңылыктарды айтылды. Укук коргоо уюмдары бул окуяны эркин басма сөздү жазалоочу репрессиялык аракеттердин көрүнүшү катары сынга алууда. Сиздин оюңуз кандай?

-Азырынча бул окуя боюнча так кесе бүтүм чыгарганга шашпай турууга чакырат элем. Азыр биз билбейбиз да эмне себептен чакырылганын жана кандай суракка алынганын. Бирок журналистти коопсуздук кызматы чакырып жаткандыгы эң биринчи “самоцензураны” жаратат. Журналисттер курч окуяларды чагылдыргандан, ошондой маселелерди көтөргөндөн коркуп калышат. Эгерде коопсуздук кызматкерлерине кандайдыр бир маалымат керек болсо, журналисттерди чакырбай эле өздөрү барып алганы туура болмок.

- Азыр бизде эл көзүнө коомдук телеканал иштеп жатат. Анын башында улуттук сыналгыда реформаны талап кылган оппозициячыл саясатчылардын бири турат. Бизде мамлекеттик сыналгы саясатында жылыш бар деп айтууга болобу?

- Коомдук телекөрсөтүү азыркы учурда укуктук документ жүзүндө да, практикалык иш жүзүндө да жок. Бул жагынан азыр кандайдыр бир сезилерлик жылыштар болот деп күтүүнүн кереги жок.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG