Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан бул талкуу жыйында жергиликтүү администрациянын, саламаттык сактоо тармагынын, Нан инспекциясынын өкүлдөрү катышууда. Анда калк ичинде аз кандуулук боюнча абал жана темир жетишсиздигин алдын алуу жолдору талкууланууда. Маалыматтарга караганда, жыл сайын темир жетишсиздигинен миңден ашуун ымыркай өлүм коркунучунда турат. Аталган мыйзам долбоордун кабыл алынышынын маанилүүлүгү ундун сапатын, аны байытууну көзөмөлгө алуу болуп саналат. Талкуу жыйын ЮНИСЕФ жана АӨБнын долбоорунун демилгеси менен өтүүдө. (MSu)