Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:53

Иран Обамадан дале үмүткөр


Тегерандын ырасмий өкүлдөрү АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обаманын Иранга байланыштуу сөздөрүн “натуура багыттагы кадам” катары кабыл алышты.

Өткөн жума күнү Чикаго шаарында Барак Обама жаңы шайланган президент иретинде биринчи маалымат жыйынын өткөргөн эле. Анын жүрүшүндө тышкы саясий темалардан жалгыз иран маселеси гана сөз болду. “Менимче, Ирандын ядролук курал жасап жатканы кабыл алгылыксыз иш. Буга жол койбос үчүн дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракетин күчөтүүү зарыл. Мындан тышкары Иран террордук уюмдарды колдогонун токтотушу керек”, - деп билдирди Обама.

Обаманын бул сөзүн иран парламентинин спикери Али Ларижани “натуура багыттагы кадам” катары баалады. Ирандын ядролук программасы тууралуу күн сайын айтылып жүргөн сөздөрдү Обама да кайталаганына коомуту толбогонун ырастап, межилис жетекчиси дүйнө коомчулугу “стратегиялык мүнөздөгү өзгөрүүлөрдү күтүп жатканын” белгиледи. Ушул багытта ал Обамадан дале болсо көп нерсеге үмүткөр экенин да кошумчалады.

Андан мурда - өткөн шаршемби күнү - ирандык таасирдүү саясатчылардын бири, парламенттин мүчөсү Хамид Реза Хажи Бабаи эгер Обама шайлоо өнөктүгү маалында айткан убадаларына турса, анда ”Ирандагы радикалдардын мизи майтарылып, алардын экстремисттик ураандарына эч ким кулак салбай каларын” билдирген эле.

Обамага иран президенти Махмуд Ахмединежад да куттуктоо кат жолдоп, аны ”адилет жана достук саясатка” чакырган. Обама бул кат менен таанышканга али чолоосу тие электигин айтты жана буямасы келгенде кылдат ойлонуп көрүп, анан жооп берерин билдирди.

Бейшемби күнү “Вашингтон пост” гезити өзүнүн аналитикалык макаласында жаңы президент тигил же бул маселе боюнча бардык тараптын көз карашын укмайынча бир беткей чечим кабыл ала бербей турганын баса белгилеп көрсөттү. Басылманын болжолунда иштин ушундай усулу Обаманын командасы үчүн негизги принцип болуп калышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG