Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:40

Обама Ак үйдүн босогосун аттоодо


АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обама бүгүн учурдагы президент Жорж Буш менен Ак үйдө алгачкы жолу жолугушат. Мунун алдында Обаманын башкы кеңешчиси Буштун айрым талаштуу буйруктарын жаңы президент күчүнөн кетире тургандыгын маалымдаган.

АКШнын президенти Жорж Буш жаңы шайланган президент Барак Обаманы шайлоодон бир жума өтө электе эле өзү менен жолугушууга чакырды:

- Мен жаңы шайланган Обаманы тарыхый жеңиши менен куттуктап телефон чалганда, анын Ак үйдө шайма-шай ишке киришиши үчүн мен бардык колуман келген жардамымды аябай тургандыгымды айткам. Бул өткөөл мезгилдин кынтыксыз болушун камсыздоо менин кызматтагы калган мөөнөтүмдүн башкы милдети болуп калат. Биздин өлкөнүн башында турган экономикалык каатчылык жаңы президенттин ишке дароо киришишин талап кылат. Ошондой эле Америкада 40 жылдан бери биринчи жолу бийлик согуш мезгилинде алмашып жатат. Зордукчул экстремисттер бизге кол салууга чечкиндүү турган мезгилде күрөш жүргүзүп жатабыз. Бул экстремисттер Американын элине залал келтирүү үчүн бул өткөөл мезгилди өз кызыкчылыгында пайдалануудан кайра тартпай тургандыгын бөркүңөрдөй көрө бергиле.

Обама өз кезегинде Демократиялык партиянын жумалык билдирүүсүндө ишембиде сүйлөгөн сөзүндө анын командасы да даярдык ишин дароо баштоого ынтызар экендигин мындайча белгиледи:

- Бир мезгилде бир гана президент болушу мүмкүн жана президент Буш учурда биздин өкмөттүн жетекчиси. Биз муну албетте эске алабыз. Ошол эле убакта азыркы кысталыш учурда биз 20-январдан тартып, ишке шымаланып, дароо киришүүнү каалар элем.

Обама келерки жылдын 20-январында ант берип, АКШнын 44-президенти болуп ишке расмий киришет.

Буш менен Обама бүгүн Ак үйдө жолугушканда, биринчи айым Буш келечек биринчи айым Обама менен да учурашат.

Бул жолугушууда кызматташттык менен жылуу мамилеге басым жасалмакчы. Бирок мындан эки тараптын ортосундагы чоң-чоң саясий айырмачылыктар жок болуп кетет, же жымсалданып калат деген жыйынтык чыгарган болбойт.

Обаманын өткөөл командасынын жетечиси Жонн Подеста жекшембиде америкалык маалымат каражаттарына Буштун айрым директиваларын күчүнөн кетирүүнү жаңы президент биринчи орунга кое тургандыгын жарыя кылды. Анын ичинде сөңгөк клеткасы менен тажрыйбага салынган тыюу алынып салынып, корголгон жаратылыш коруктарында мунай өндүрүүгө тыюукиргизилмекчи

XS
SM
MD
LG