Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:42

Грузин оппозициясы былтыркыдан алсызбы?


Былтыр 7-ноябрда грузин полициясы Тбилисиде оппозиция уюштурган демонстрацияны күч колдонуп баскан эле. Бир жыл мурдакы тынч жүрүштүн катышуучулары президент Саакашвилинин бийликтен кетүүсүн, парламенттик шайлоону жыл аягында эмес, Конституцияга ылайык 2008-жылдын апрелинде өткөрүүнү талап кылышкан. Быйыл да 7-ноябрда грузин оппозициясы Тбилисиде он миңдеген адамдар катышкан нааразылык акциясын уюштурду. Бул ирет демонстрация былтыркыдай массалуу болгон жок.

Августа Түштүк Осетия үчүн Россия менен болгон согушта грузин аскерлеринин жеңилүүсү президент Саакашвилиге нааразылардын катарын көбөйттү.

«Роза ынкылабынын» жетекчилеринин бири, парламенттин мурдакы төрагасы Нино Буржанадзе да азыр Саакашвилинин сынчыларынын бири. Экс-спикер айым октябрда Түштүк Осетиядагы согуштун башталышы боюнча кеңири түшүндүрмө берүүнү бийликтен талап кылды. Буржанадзе ачык катында өлкөдө сөз эркиндиги басмырланганын, жалгыз партия үстөмдүк кылган парламент бийликтин кол баласына айланганын, Абхазия жана Түштүк Осетия биротоло колдон чыкканын айтып, Саакашвилини сындады.

Саакашвилинин дагы бир санаалашы, Грузиянын Россиядагы элчиси Эрости Кизмаришвили да сентябрдын аягында оппозицияга өттү.

Грузин оппозициясы 7-ноябрда койгон талаптар да Нино Буржанадзе ачык катында айткан ойлорду бекемдеп жатты. Консервативтик партиянын лидери Каха Кукава кезексиз парламенттик жана президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырды:

-Биз 2009-жылдын жазында жаңы президентти жана парламентти шайлоону талап кылабыз.

Оппозиция лидерлеринин бири Леван Гачечиладзе августагы бир жумалык согуштагы Грузиянын жеңилүүсү үчүн Саакашвилини күнөөлөдү:

-Бизде бир гана айлабыз бар. Же береги заңгардын бийлигине чыдайбыз же Грузияны сактап калабыз. Саакашвилинин айынан Грузия Кавказдагы таасирин жоготту, дүйнөдөгү ордун жоготту. Биз өзүбүзгө өзүбүз ээ болбой калдык. Грузиянын тагдырын башка лидерлер чечүүдө. Муну токтотуш керек!

Оппозиция «Имеди» телеканалын анын мурдакы ээси, маркум Бадри Патаркацишвилинин үй-бүлөсүнө кайтарып берүүнү талап кылышты.

Ошентип, Гачечиладзе айткандай, грузин оппозициясы 7-ноябрда Саакашвилиге каршы жаңы өнөктүктү баштады.

Россиянын кысымына каршы биригүү зарыл деген таасирлүү эки партия: республикачылар менен христиан-демократтар нааразычылык акциясына катышпады.

«Азаттыктын» серепчиси Лиз Фуллер Грузиянын оппозициячыл партияларынын Саакашвилиге каршы күрштө өз ара биригерине жана дымактуу Нино Буржанадзе менен жакындашаарына анча ишенбейт.

XS
SM
MD
LG