Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:44

Ницца саммити жана Грузиянын үмүтү


Жума, 14-ноябрда Франциянын Ницца шаарында Европа Биримдиги жана Россия ортолук жыйын өтөт. Саммитте Биримдик-Россия аралык кызматташуунун жаңы келишими боюнча сүйлөшүүнү жандандыруунун планы иштелип чыгат деп күтүлүүдө. Россия Грузияга басып киргенден кийин токтотулган сүйлөшүүнү кайра улантууга Биримдиктин Тышкы иштер министрлери 10-ноябрда макулдук беришкен. Бирок Брюссел россиялык аскерлерди Грузиядан чыгып кетүү талабында бекем турууда.

Франция президентинин сайтынын маалымдашынча, Ниццада өтчү саммитте Россиянын Грузиядан аскерлерин чыгарып кетүү боюнча макулдашуунун шартын кандай аткарганы сөзсүз каралат. Грузиялык-россиялык макулдашууга президент Саркози арачылык кылган.

Брюссел Грузиядан орус аскерлерин чыгарып кетүү талабында бекем турарын Евробримдиктин Тышкы иштер министрлери 10-ноябрдагы жыйынында тастыкташкан. Литва гана Москва менен кызматташуунун жаңы келишими боюнча сүйлөшүүнү улантууну «тарыхый жаңылыштык» деп, ага каршы.

Грузия да Саркозинин арачылыгы менен жетишилген келишимди Москванын аткаруусун талап кылууда жана Ниццада да бул маселе сөзсүз көтөрүлөт деген үмүттө, дейт «Азаттыктын» Грузин кызматынын кабарчысы Окропир Рухадзе:

- Евробиримдик мурдакыдай россиялык аскерлердин Грузияда калуусун жана Абхазия менен Түштүк Осетияны таануусун мыйзамсыз деген баасын өзгөртпөсүн президент Саакашвили башындагы грузин жетекчилиги дембе-дем айтууда.

Чехия болсо Ниццадагы жыйында Москванын Польша жана Литвага чектеш Калинград облусунда ракета жайгаштыруу планын да талкуулаш керек деп сунуш киргизди. Эгерде Чехия менен Польшада АКШнын ракетадан коргонуу системасы орнотулса, Москва Калининград облусунда 300 чакырым аралыкка чейин жетчү «Искендер» ракеталарын жайгаштырышы ыктымал экенин президент Медведев өткөн аптада эскерткен. «Россиянын мындай опузасы, чехтер менен поляктарга эмес, НАТОго мүчө бардык өлкөлөргө таандык. Ошон үчүн НАТО жообун бериш керек», деп билдирди 11-ноябрда Чехиянын Коргоо министри Власта Порханова.

Россиянын жетекчилиги Европанын коопсуздугу Москвага да тиешелүү болгондуктан, маселе биздин катышуубуз менен талкууланыш керек деп жатат.

-Эгер баарыбыз тең Европада кайсы бир жактын кызыкчылыгына доо келтирбеген коопсуздук системасын түзүү зарыл десек, Европага ойдон чыгарлбаган чыныгы коркунучту аныктап, бир тараптуу эмес, чогуу чечим кабыл алууга убактыбыз бар, деп эскертти Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров шаршемби күнү финляндиялык коллегасы Александр Стубб менен Москвада болгон кездешүүдөн соң.

ИНТЕР ФАКС агенттигинин атын атабаган мартабалуу брюсселдик чиновникке шилтеп маалымдашынча, Евробиримдик-Россия саммитинде экономикалык тема да каралат. Россия Евробиримдиктин АКШ жана Кытайдан кийинки маанилүү соода өнөктөшү. Экономикалык кызыкчылык - Брюсселди Россия менен кызматташтык сүйлөшүүсүн улантууга түрткөн негизги фактор экенин Евробиримдиктин жетекчилиги да танбайт.

XS
SM
MD
LG