Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

Украинада спикерди кызматтан алышты


Украинада Жогорку Рада спикерди кызматтан алды. Маселе добушка салынган соң парламентте эки фракциянын депутаттары жакалаша кетишти.

Шаршемби күнү эле депутаттар спикер Арсений Яценюкту эки күнгө жыйындарга төрагалык кылуу милдетинен четтетишкен эле. Андан соң региондор партиясы, Литвиндин блогу жана коммунисттер анын дегеле кызматтан кетишин талап кылып, маселени колго салышты. Бул демилгеге президенттин “Биздин Украина” фракциясынан да бир нече депутат кошулду. Чечим кабыл алынар замат региондор партиясы менен Юлия Тимошенконун блогундагы депутаттар жакалаша кетишти.

Президент Виктор Ющенконун тарапкерлери Юлия Тимошенконун блогу менен түзүлгөн “саргылжын коалициядан” быйыл сентябрдын ортосунда чыккан эле. Яценюк ошондо эле парламент башчылык кызматынан бошонум сурап арыз берген. Ал ушул убакка чейин каралбай келген.

Яценюк өзү парламенттин кечээки чечиминен чоң деле трагедия көргөн жок. “Урматтуу достор, мен силерге бир нерсени гана айталам: менин бул жерге эмес, башка жерге кайтып келишимди каалап мени кетиришти”,- деп билдирди ал журналисттерге. Буга улай ал өлкөдө демократияга коркунуч түшкөнүн, анын тагдыры кыл учунда турганын да белгилеп өттү. Демократияны коргоп жана сактап калуу үчүн Яценюк жаңы саясий бирикме түзүүгө киришет.

Өкмөттүн премьер-министри Юлия Тимошенко спикердин кызматтан алынганы үчүн жоопкерчиликтин бир бөлүгүн президент Ющенкого жүктөдү. “Бул чечимди парламентте “Биздин Украина” фракциясынан он депутат колдоду, муну алар президенттен көрсөтмө болбосо жасамак эмес”, - деп айтты Тимошенко Киевдеги маалымат жыйынында.

Президентчил фракциянын мүчөсү Петр Прошенко саясатчыларды “макулдашып бир пикирге келе алышпаса, эч кимиси бийликте калбай турганын” эскертти. Ал эми региондор партиясынын өкүлү, депутат Анатолий Кинах болсо спикердин кызматтан алынганын позитивдүү фактор деп баалады. Парламент эми натыйжалуу иштеши керек, өлкөдө - саясий, дүйнөдө - экономикалык кризис кычап турган маалда бардык бийликтердин кызматташтыгы керек.

Бирок Украинада азырынча саясий күчтөрдүн ымала табар түрү жок. Президент Ющенко октябрдын башында Жогорку Раданы таркаткан, 7-декабрга парламентке кезексиз шайлоо белгилеген. Бирок өкмөт шайлоого каражат бөлгөндөн баш тартып койду. Президенттин өкүлдөрү эми парламенттин декабрда кайра шайланары күмөн деп жатышат. Муну Ющенко өзү да моюнга алды. “Жаңы жыл алдындагы майрамдар маалында шайлоо өткөрүү акылга сыйырлык иш болбос эле”, - деп айтты ал 11-ноябрда Варшавада болгон кезде.

XS
SM
MD
LG