БУУнун өнүктүрүү программасынын колдоосунда Акыйкатчы институту өткөрүп жаткан эл аралык конференцияда “Адам укуктарын жана эркиндигин сактоодо мамлекеттик жана коомдук укук коргоо уюмдарынын ролун жакшыртуу”, “Адам укуктары тармагында улуттук түзүлүштү алдын ала жайылтуу”, “Дин ишениминин жана адам укуктарынын эркиндиги”, “Адам укуктары боюнча актуалдуу проблемаларды, өнүктүрүүнүн келечегин окутуу” темасындагы маселелер каралууда. Конференцияга президенттин администрация башчысы, парламент депутаттары, Жогорку соттун, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжандын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү укук коргоочулар катышууда. Бул иш чара Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын 60 жылдыгына арналган. (AJ)