Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:41

Майкл Хайден: АКШ мурда коргонсо, азыр чабуулга даяр


АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын жетекчиси Майкл Хайден
АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын жетекчиси Майкл Хайден

АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын жетекчиси, генерал Майк Хайден бейшембиде “ал-Кайида” жана анын лидери Осама бин-Ладен Ооган чек арасына жакын Пакистан тоолорунда башка террорчулардан обочодо калганын айтты.

АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын жетекчиси, генерал Майкл Хайден Кошмо Штаттардын “ал-Кайидага” каршы күрөшүндө үч маанилүү жагдайды эстен чыгарбоо керектигин белгиледи. Биринчиден, бул террорчу уюм олуттуу соккуга учурагандыгына карабастан чечкиндүү жана ийкемдүү бойдон калууда. Экинчиден, жигердүү жана талуу жери көп. Үчүнчүдөн, АКШ үчүн ал дагы эле олуттуу коркунуч жараткан уюм бойдон кала берүүдө.

“Натыйжада, Батышты “ал-Кайида” тармагынын террордук кесепетинен коргоо жана Осама бин Ладенди колго түшүрүү же өлтүрүү Борбордук чалгындоо башкармалыгынын башкы максаты бойдон кала берүүдө” деп кошумчалады Хайден мырза.

Атланта кеңешинин кеңсесинде сүйлөгөн Хайден Батыш “ал-Кайидага” каршы согушта жеңе баштаганын баса белгиледи. Хайден Иракта зордук-зомбулуктун саны азайганын, Ирактагы сунний куралчан жоочуларынын өздөрү “ал-Кайида” менен кызматташтыктан баш тартып, америкалык күчтөргө кошулганын чоң жетишкендик деп көрсөттү.

Хайдендин белгилешинче, көпчүлүк жоочулар “ал-Кайиданын” Ирактагы иш-аракеттерин колдоодон баш тартууда. “Алар тынч жашоону каалашууда” деген Хайден ирактык жоочулардын бул эл аралык террордук уюмдан кетип жатышын “ал-Кайиданын” Ирактагы аракеттеринин майнапсыз аякташы катары мүнөздөдү.

Хайдендин айтымында, “ал-Кайиданын” Ирактагы иш-чараларын таштап кеткен айрым жоочулар Түндүк Африка, Чыгыш Африка жана Йеменде өз аракеттерин улантышууда. “Демек “ал-Кайиданын” Сауд Арабстан жана Түштүк-Чыгыш Азиядагы аракеттери натыйжасыз болду”, - дейт Хайден:

- Түндүк Африка, Чыгыш Африка, Йемен - булар Ирак, Сауд Арабстан жана башка жерлерден келген жакшы кабарларды тең салмактаган терс көрүнүш. Бирок менин азыр айтканымды жаңылыш аңдап албасаңыздар, бул Түндүк Африка, Чыгыш Африка, Йемен аймактарындагы көйгөйлөрдүн деңгээли Ирак, же Сауд Арабстандыкындай ири өлчөмгө жетпейт. Бирок “ал-Кайида” күчтөрүнүн бул жаңы аймактардагы кубаты анын ыңгайлашуу жөндөмүн, өз идеясына берилгендигин гана эмес, жигердүүлүгүн да айгинелейт.

Хайден өз сөзүндө “көпчүлүк мусулман өлкөлөрүндө менин шериктерим бул “ал-Кайида” уюмун исламга каршы келген уюм деп санашат, алар бул уюмду бейкүнөө карапайым адамдарга каршы зомбулук көрсөтүүдө деп сынга алышат” деп баса белгиледи.

АКШнын Борбордук чалгындоо кызматынын жетекчиси Хайден учурда “ал-Кайида” террордук тармагы алда канча алсырап калганын кошумчалады.

Хайден АКШнын 11-сентябрдагы террордук чабуулга туруштук берген алгачкы доору менен бүгүнкү күндү салыштырууга болбой турганын белгиледи. “Эгерде мурда Вашингтон коргонууга аргасыз болсо, азыр душманга каршы чабуулун улам курч жүргүзүп келет”, - деди Хайден.

XS
SM
MD
LG