Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:04

Обама АКШнын аброюн көтөрөт


АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обама Американын дүйнөдөгү беделин кайра бекемдегенге, Ирактан аскерлерди чыгарганга, Ооганстанга колдоо көрсөткөнгө жана Гуантанамодогу түрмөнү жапканга сөз берди.

Барак Обама жекшемби күнү CBS телеканалында бир сааттык программага катышты. Бул анын президент болуп шайлангандан кийинки биринчи интервьюсу болду.

Жаңы шайланган президент башкы милдеттеринин арасында экономикадагы жагдайды жакшыртууну атады. Бул үчүн мүмкүн болгондун баарын жасарына ишендирип, Обама өзгөчө автомобил өнөр жайынын пробемаларына токтолду жана үй-жай сатып алгысы келгендерге жардам көрсөткөнгө сөз берди. Андан бир күн мурда Обама АКШнын экономикасы эң олуттуу кыйынчылыктарга туш келгенин айтып, конгрессти жаңы жумушчу орундарды түзүү программасын тезирээк жактырганга чакырган эле.

АКШнын дүйнөдөгү моралдык аброюн көтөрүү максатында Обама тышкы саясатта жана коопсуздук чөйрөсүндө бир катар кадамдарга белсенип жатканын бышыктады. Улуттук коопсуздук милдеттерин аркалай турган командага сынаакы адамдарды тандап алганга Обама артыкча маани берип жатканын, анткени бийлик алмашуу маалында террордук коркунучтардын мүмкүндүгү жогорулай тургандыгын кошумчалады.

Обама кызматка киришер замат аскери жетекчиликти жана тышкы саясат иштери боюнча кеңешчилерин чогултуп, аларга Ирактан аскерлерди чыгаруунун конкреттүү планын иштеп чыгууну табыштайт. “Ал-Каиданы” толук жана кайра баш көтөргүс кылып талкалоону, Усама бин Ладенди колго түшүрүүнү же анын көзүн тазалоону АКШ үчүн Обама айрыкча маанилүү иш деп атады. Бул максатта Ооганстандагы контингент кошумча күчтөр менен толукталат.

АКШнын дүйнөдөгү беделин кайра бекмедөөнүн бир жолун Обама Гуантанамодогу туткундар лагерин жабуудан да көрөт. “Мен муну бир нече ирет айткамын жана бул иштин толук өтөсүнө чыгамын, -деп айтты Обама.- Америка кыйноо ыкмаларын колдонбой турганын да эчен ирет айткан элем, муну да бекем кепилдегим келет”.

Обама жакында сенатор Хиллари Клинтон менен жолугуп, сүйлөшкөнүн тастыктады. Өзүнүн мурдагы партиялаш атаандашын “ушу туштагы акылгөй ырасмий адамдардын бири” катары сыпаттап, бирок анын талапкерлиги мамлекеттик катчылыкка каралып жатканы тууралуу кептерди бышыктагандан баш тартты. Обама өз администрациясына кимдер кирерин жакынкы аралыкта жарыялаганы жатат.

“60 мүнөт” программасынын соңку бөлүгүнө жаңы президенттин аялы Мишел Обама да катышты. АКШнын болочоктогу биринчи айымы аскери кызматкерлердин үй-бүлөсү, алардын проблемалары, ошондой эле аялдардын иштери аны өзгөчө кызыктыра турганын белгиледи. Обама болсо мурдагыдай ээн-эркин басып-жүрө албай калганын, президенттик кызматтын башка да абыгерчиликтерин сезе баштаганын моюнга алды.

Обама эмдиги жылдын 20-январында ырасмий түрдө президенттик кызматка киришет.

XS
SM
MD
LG