Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Хиллари Клинтонго Обаманын “Атаандаштар командасынан” орун тийеби?


Бир катар маалымат каражаттары АКШнын мурдагы биринчи айымы, демократ-сенатор Хиллари Клинтон Обама администрациясында мамлекеттик катчынын ордун ээлеши мүмкүн деп жазып чыгышты. Азырынча бул кабар расмий бышыктала элек. Бирок Обама жана Клинтондун өкүлдөрү эки саясатчы өткөн бейшембиде Чикагодо жолугушканын танышкан жок.

Дүйнөлүк ири гезиттер Хиллари Клинтон мамлекеттик катчылыкка дайындалышы ыктымал деген имиштерди байма-бай талкуулоого киришти.

Financial Timesтын жазышынча, Клинтон айым Сенаттын куралдуу күчтөр комитетинин мүчөсү катары тышкы саясат тармагында бир топ тажрыйба топтоого үлгүрдү. Демократтардын президенттикке талапкерлигин жеңүү үчүн ат салышта Клинтон Обаманы тышкы саясатта жетиштүү тажрыйбасы жок деп сындап келди. Бирок ички шайлоодо утулуп калгандан кийин, сенатор айым партиялашы үчүн үгүттөп, анын кампаниясына активдүү катышты. Ал эми 4-ноябрда, Обама шайлоону утканда, Клинтон аны мыкты лидер катары сыпаттаган:

- Элдин демократтардын кампаниясына, сенатор Обаманын кайрылууларына жооп бериши мени абдан кубандырат. Шайлоочулар олуттуу убакыт келген чакта олуттуу президентке муктаж экенибизди түшүнүтү. Барак кризис тушунда өзүн бышык, мыкты, салмактуу лидер катары көргөзө алды.

Клинтондун бир катар тарапкерлери Обама вице-президенттикке аны эмес Жозеф Байденди тандады деп нааразы болушту эле.

Жаңы шайланган президент менен Хиллари Клинтондун Чикагодогу жолугушуусун көпчүлүк талдоочулар жана журналисттер сенаторго жаңы кабинетте жогорку кызмат берилет дегенге жорушту. Обама менен Клинтондун өкүлдөрү жолугушуу орун алганын танбаганы менен, экс-биринчи айымга жооптуу кызмат сунуш этилет деген маалыматты комментариялоодон баш тартышты.

Gardian Обама шайлоону жеңгенден бери жогорку даражалуу саясатчылар менен күнүгө жолугушаарын, бирок Клинтондун бул жолку сапарын кадыресе куттуктоо визити деп атай албайсың деп жазат. Гезит ошондой эле болочок мамлекет башчы буга чейин дайындаган адамдар, асыресе, президент кеңсесинин башчысы Рам Эммануэл же өткөөл команданын жетекчилеринин бири Жон Подеста бир кездери Билл Клинтон администрациясында иштешкенин эске салат. Politico вебсайтынын маалыматына ылайык, өткөөл же туруктуу командага 47 адам дайындалса, алардын отуз бири Клинтон администрациясында эмгектенишкен. Ал эми Клинтон айымдын шериктеринин бири, кезинде Мамлекеттик катчынын кызматын ээлеп келген Мэдлин Олбрайт ушул дем алыш күндөрү Обаманын өкүлү катары “Чоң Жыйырманын” Вашингтондогу жыйынына катышып келди.

Баса, Байден да Клинтон айымга жакын адам катары белгилүү. Мындан улам Independent басылмасы Байден болочок администрацияда тышкы саясат чөйрөсүндө чоң роль ойноого даярданып жатканын, ал эми Клинтон мамлекеттик катчылыкка дайындалса, бул – айрым проблемаларды жаратышы ыктымал деп жазат.

Шайлоо кампаниясы учурунда Барак Обама президенттер үчүн Инжил менен катар Абраам Линколндун “Атаандаштар командасы” деген китеби маанилүү деп айтканы бар. Президент Линколн автобиографиясында кантип бир кабинетте ички оппоненттерин жана ага каршы ат салышкан адамдардын башын бириктиргенин баяндайт. Бул – лидерликке үйрөткөн эң жакшы китеп, - деген Обама.

Independentтин жазышынча, Обаманын кээ бир кеңешчилери аны “Атаандаштар командасын” түзүү үчүн Хиллари Клинтонду Мамлекеттик катчылыкка дайындоого көндүрүү аракетин көрүп келатышат.

Тышкы мекемени жетектөөгө талапкер катары 2004-жылы президенттикке ат салышкан демократ-сенатор Жон Керри жана Нью-Мексико штатынын губернатору Билл Ричардсон да аталууда.

XS
SM
MD
LG