Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:14

Нура айылын курууга 200 миллион сом бөлүндү


Жер титирөөдөн жабыркаган Алай районундагы Нура айылын кайра курууга өкмөт 200 миллион сом бөлдү. Курулуш иштери быйыл башталып, келерки жылдын август айына карай аякташ керек. Бул тууралуу өкмөт башчы Игорь Чудинов өткөн күндөрү Нура айылында жумуш сапарда болгондо билдиргенин премьер-министрдин басма сөз катчысы Айбек Султангазиев “Азаттыкка” бүгүн билдирди. Айылдын инфраструктурасына Азия өнүктүрүү банкы да каражат бөлүүдө.Сапар учурунда Игорь Чудинов учурда темир үйлөрдө жашап жаткан нуралыктар менен жолугушуп, алардын ал-абалы менен таанышкан. Өкмөт башчы ошондой эле Нура айыл өкмөт башчысына Нива автоунаасын тапшырган. (AiT)

XS
SM
MD
LG