Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:23

Ирак: Өкмөт башчы парламентти коопсуздук келишимин жактырууга чакырды


Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики
Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики

Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики америкалык жоокерлердин өлкөдөн чыгып кетишине үч жыл мөөнөт берген жаңы коопсуздук келишимин сындагандарды айыптады. Ирак менен АКШ ортосундагы коопсуздук келишимине дүйшөмбүдө кол коюлган. Бул келишим эми Ирактын парламенти тарабынан жактырылышы талап кылынат.

Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики улуттук сыналгыдан калкка кайрылып, АКШ менен түзүлгөн коопсуздук келишими эч кандай жагдайда өзгөртүлбөй турганын айтты.

Көпкө күтүлгөн коопсуздук келишимине 17-ноябрда Ирак өкмөтү менен АКШ кол койду. Бирок келишим эми Ирак парламенти тарабынан жактырылышы керек.

Келишимге ылайык, Вашингтон америкалык аскерлерди 2011-жылдын башында чыгара башташы керек. Келишимге кол коюлгандан кийин Нури ал-Малики буларды айтты:

- Макулдашууга ылайык, америкалык жоокерлер Ирактын шаарларынан 2009-жылдын 30-июнуна чейин чыгып кетиши керек. Бул акыркы мөөнөт жана ал узартылбайт. Мындан сырткары, америкалык жоокерлер Ирактын жерлеринен, сууларынан жана аба мейкиндигинен толугу менен 2011-жылдын 1-январына чейин чыгарылышы керек. Бул мөөнөт дагы узартылбайт.

Ал-Маликинин баса белгилешинче, коопсуздук келишими америкалык жоокерлердин Иракта узак мөөнөткө калуусуна, же Ирак аймагынын кошуна Иран же Сирияга каршы колдонулушуна эч кандай жол бербейт.

- Мен силерди ишендиргим келет, келишимде эч кандай жашыруун жагдайлар жок. Ирак жеринде жана Ирак жери эч качан кайсы бир өлкөгө чабуул жасай турган аймак катары колдонулбайт.

Ал-Малики жаңы келишим тийешелүү аскердик иш-чара алдын-ала расмий Багдад менен макулдашылмайын, Ирактагы согушкерлерге каршы олуттуу чабуул жасоого АКШ аскерлерине жол берилбей турганын айтты:

- Келишимге ылайык, Ирак өкмөтүнүн макулдугу болмойун жана аны менен толук кызматташмайын, эч кандай олуттуу аскердик өнөктүктөр жүргүзүлбөйт, өкмөт уруксат бербесе жана чогуу иш алып барбаса, эч кандай камакка алуулар дагы болбойт.

Өз убагында АКШнын президенттигине талапкер Барак Обаманын Ирактан америкалык жоокерлерди 16 айда чыгарып кетүү планына каршы болгон Бириккен штабдын башчысы адмирал Майк Маллендин (Mike Mullen). айтымында, Пентагон Ирактан жоокерлерди Түркия жана Иордания аркылуу чыгаруу жолдорун изилдеп чыкты жана сынактан өткөрдү.

Түркия менен Иордания өкмөттөрү - АКШнын ынтымакташтары жана адмирал Маллендин айтымында, алар Пентагондун Ирактан аскер чыгаруу планын колдошот.

Маллендин белгилешинче, Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарында дагы эле салгылашуулар жүрүп жатат. Бирок адмиралдын айтымында, кийинки жылдын июнь айына чейин Ирактын аскер күчтөрү бул шаарда жана башка дүрбөлөңдүү жайларда толук көзөмөл жүргүзүп калмакчы.

XS
SM
MD
LG