Түркияда Жем Өздемирдин ийгилигин АКШнын 44-президенти болуп шайланган Барак Обаманын жеңиши менен салыштырып жиберишти. Жашылдар партиясына немис парламенти-Бундестагдагы 612 мандаттын 51и таандык. Өздемирди партиялаштары турмушту жакшы билген кексе саясатчы катары баалашат.
Жем Өздемир - Германиянын тарыхында өлкөдөгү саясый партиянын башчылыгына шайланган теги четэлдик биринчи саясатчы. 15-ноябрда Эрфут шаарында өткөн Жашылдар партиясынын курултайында экинчи теңтөрагалыкка кайрадан Клаудия Рот(Claudia Roth) шайланды.
Германиянын 612 орундуу парламентинде Жашылдар партиясы 51 мандатка ээ. Жашылдар мурда Герхард Шредер жана Йошка Фишердин жетегиндеги Социал-демократтар партиясы менен бирге коалициялык өкмөткө кирген.
“Азаттыктын” серепчиси Абас Жавадинин боолгошунча, Жашылдар партиясы эмки сентябрда болчу парламенттик шайлоодон соң коалициялык өкмөттү түзүүдө маанилүү роль ойношу мүмкүн. Жем Өздемирди басымдуу көпчүлүк добуш менен Жашылдар партиясынын лидери болуп шайлануусун жакшы жышаана деп баалады серепчи:
- Бул, эң алды, Германиянын коомчулугу жана немис өкмөтү мигранттарга жана алардын балдарына кучакгын ачууга бир кыйла даяр болуп калганын түшүндүрөт. Бул Социал-демокрттар же Христиан-демократтар сыяктуу чоң партия эмес, жалгыз гана Жашылдар партиясы экенин айта кетүү керек. Бул, албетте, биринчи кадам.
Четэлдик мигранттар жана алардын урпактары Германиянын 82 миллиондон ашуун элинин 20 процентке чукулун түзөт.
Түркиянын маалымат каражаттары Өздемирдин жеңишине Барак Обаманын АКШнын президенти болуп шайлануусу чоң түрткү бергенин белгилешти.
“Хүррийет” гезити бул окуяга “Тарыхый жеңиш” деген башмакаласын арнады. Ал эми либералдык “Тараф” гезити Өздемирди “Германиянын Жашыл Обамасы” деп атады.
Абас Жавади теги кениялык Барак Обаманын шайлоо өнөктүгү Жем Өздемирдин тарапкерлери үчүн мыкты үлгү болгонун да белгиледи:
- Ооба, мен ошентип ойлом. Себеби, Жемдин колдоочулары Интернетте Обаманыкына окшош “Ооба, биз - Жем” ("Yes, We Cem!") деп ураан чакырышты. Ырас, Обаманын жеңиши эмигранттарга, алардын балдарына чоң жөлөк болду. Эми алардын коомдук жашоого көбүрөөк тартылаары калетсиз. Бул жалгыз Түркияга эмес, башка өлкөлөргө да чоң таасирин тийгизди.
Обаманын тарапкерлери саясый өнөктүктү“Ооба, биз жасай алабыз”(“Yes, we can”) деген чакырык астында жүргүзүшкөн.
Баса, Жашылдар партиясынын экинчи тең төрагасы Клаудия Рот айым- партия Жем Өздемирди жетекчиликке шайлоо менен, Германиядагы улуттук азчылыктардын арасындагы мыкты кадрларды чалгындоону баштады дейт.