Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

Бундесвер Ооганстанга Россия аркылуу жүк ташыйт


Ооганстанда 2002-жылдан бери бундесвер 30дай солдатын жоготту.
Ооганстанда 2002-жылдан бери бундесвер 30дай солдатын жоготту.

Немец бундесвери – Германиянын коргоо мекемеси – өзүнүн ооган жериндеги контингентине Россиянын темир жолу аркылуу аскери техникаларды, жарак-жабдууларды жеткиргенге орус өкмөтүнөн уруксат алды.

Бу маалыматты Россиянын тышкы иштер министрлиги тастыктады. Мекеменин өкүлү Андрей Нестеренко мындай тажрыйба биринчи ирет практикаланып жатканын айтып, муну террорго жана жалпы коопсуздук коркунучтарына каршы күрөштө Берлин менен Москванын ортосунда түзүлгөн тыгыз кызматташтыктын кезектеги үзүрү маанисинде түшүндүрдү.

Германия НАТОнун мүчөсү, альянс менен Москванын алакалары болсо Кавказдагы окуялардан кийин кескин начарлап,атүгүл бир катар тармактардагы кызматташтыгы токтоп калган. Ошол себептен Ооганстанга аскери жүк ташып өткөнгө Германияга орустар өздөрүнүн темир жолдорун ачып беришкенин айрым байкоочулар Москванын НАТО менен мамилесин кайра жакшыртканга жасаган ишаарасына жорушту.

Бирок Москва НАТО менен бардык алакасын үзүп салган күндө да Ооганстанга байланыштуу өзүнө алган милдеттенмелерин аткара турганын быйыл августтан кийин деле бышыктаган. Ооганстандагы абалдын жөнгө салынышына Россия башкалардан кем кызыкдар эмес.

НАТО буга чейин ооган жериндеги коалициялык күчтөргө керектүү жүктөрдүн 75 процентин Пакистан аркылуу ташып жүргөн. Соңку кездерде түштүк провинцияларда, айрыкча Пакистанга чектеш аймактарда кырдаал курчуп, натыйжада альянс коопсуз башка жолдорду издей баштады.

НАТОнун өкүлү Кармен Ромеро транспорт транзити тууралуу альянс менен Россия ортосунда келишим бар экенин, ал быйыл апрелде Бухарест саммитинде кол коюлганын эске салды. Аны толук жүзөгө ашыруу үчүн Борбор Азиядагы өлкөлөр, өзгөчө Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстан менен да ушундай келишимдерди түзүү талап кылынат. Азыр бул темада сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, келишимдерге жакынкы аралыкта кол коюлуп калышы мүмкүн.

Мурдагы можахед-генералдардын бири, азыркы ооган парламентинин депутаты Нур ул-Наг Улуми “түндүк маршруту” деле кооптуу болорун эскертип, бул үчүн аталган аймактарга да коалициялык күчтөрдү кеңири жайгаштырууну сунуш кылды.

Немецтердин контингентине дал ушул түндүк аймактардын жоопкерчилиги жүктөлгөн. Бундесвердин бул жерде 3,5 миңдей солдаты бар, алар согуштарга катышпайт, көбүнчө ооган армиясын уруштун усулдарына машыктырат. Бирок талиптер менен ар кошкон козголоңчулар алардын лагерлерин деле кез-кезде артиллериядан аткылап, аларга каршы ар кандай кыянаттарды жасап турушат. 2002-жылдан бери бундесвер 30дай солдатын жоготту, алардын теңине жакыны жанкечтилердин колунан мерт болду.

Быйыл октябрда НАТОнун суранычынан улам Германия өз контингентинин мандатын он төрт айга узартты, аскерлердин санын бир миңге көбөйттү.

XS
SM
MD
LG