Бүгүн өкмөт үйүндө президент алдындагы Инвестициялык катчылыктын кеңейтилген жыйыны болот. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ага президент Курманбек Бакиев катышып, дүйнөлүк каржы кризиси жана ага Кыргызстандын туруштук берүү абалы талкууланат. Андан тышкары өлкөнүн экономикалык өнүгүү багыты жана аны ишке ашыруу жолдору каралат. (BD)