Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

Иран Ирак–АКШ келишимин агылгалап турат


АКШ менен түзүлгөн жана көптөн күтүлгөн коопсуздук келишимине Ирактын парламенти ушул аптада добуш берери күтүлүүдө. Ирактын ички иштерине кийлигишүүгө аракеттенип жүрөт деп эсептелген коңшу Иран бул маанилүү келишимге карата кандай көз карашта?

Эки тараптын ортосунда түзүлгөн келишим Иракта чет элдик аскерлердин туруусу боюнча БУУнун мандаты жыл соңунда аяктагандан кийин америкалык аскерлердин өлкөдө калуусунун укуктук негиздерин аныктайт. Ага ылайык, америкалык аскерлер Ирактын шаарларынан 2009-жылдын июлунда, ал эми өлкөдөн толугу менен 2011-жылдын соңуна карата чыгып кетиши керек. Ирактын өкмөтү 16-ноябрда жактырып койгон келишим боюнча жергиликтүү саясатчылар талашып-тартышса, коңшу Ирандын лидерлери ага мамилесин билдирүүдө чаташып калгандай көрүнөт.

Өткөн айда эле Ирандын президенти Махмуд Ахмадинеджад келишимдин түпкү максаты - Вашингтон Иракты "кулга айландыруусуна жана экспулатациялоосуна" мүмкүндүк берүү деп атаган. Ал эми Иран парламентинин спикери Али Ларижани келишим "Ирактын улуттук коопсуздук кызыкчылыктарына каршы" экенин белгилеген. Өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн башкы штаб башчысынын орун басары Масуд Жазаеринин өткөн айдагы сөзүнө караганда, "бул келишимди кабыл алуу" Ирак эли үчүн шермендечилик болот".

"Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун уктуруулар боюнча директору Аббас Жавадинин (Abbas Djavadi) көз карашында, президент Ахмадинежаддын келишим сүйлөшүлүп жаткан кездеги турумун эске алганда, анын соңку айыптоосу таң калычтуудай көрүнөт. Анткени Ахмадинежад быйыл июнда эле коопсуздук келишиминин долбоорун анда америкалык аскерлерди чыгаруунун мөөнөтү белгиленбегени үчүн сынга алган.

Ал учурда америкалык президент Жорж Буштун администрациясы аскерлерди чыгаруунун мөөнөтүнүн так белгилениши козголоңчулардын жандануусуна, ага катар өлкөдө диний жана этникалык жүйөөдөгү кыянатчылыктардын күчөшүнө алып барышы мүмкүн деп кооптончу.

Ал эми соңку айларда Ирактагы коопсуздук кырдаалы турукташууну көздөй багыт алды. Ирак менен АКШ бири-бирин алдан тайдырган жана нааразы кылганга чейин барган сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө АКШ өтө маанилүү чегинүүлөргө барды, анын ичинде аскерлерди чыгаруу мөөнөтүн белгилөөгө, жоокерлеринин Ирактан биртоло алып кеткенге чейин иш алып баруусу боюнча жаңы чектөөлөргө макул болду.

Буга кошумча Ирактын премьер-министри Нури ал–Малики шийиттердин өтө таасирлүү динаятчысы Улуу аятолла Али ал-Систанинин келишимге колдоосун алууга жетишти.

Соңку жараяндар жана жыйынтыктар Ирандан айрымдарга жаккандай. Бирок президент Ахмадинежад менен парламент төрагасы Ларижани таасирленген-таасирленбегени азырынча белгисиз. "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун уктуруулар боюнча директору Аббас Жавадинин пикиринде, акыр-аягында бул өлкөнүн радикал лидерлери Ирактын чечимин кабыл алууга аргасыз болот:

- Менимче, чынында Ирандын өкмөтү ирактыктар америкалыктар менен сүйлөшүп, жол таап, келишимге кол коюшун каалабайт. Менин ишенимимде, бул - алардын жүрөгүнүн түпкүрүндө жаткан нерсе. Бирок реалдуулук -келишимдин долбоорун Ирактын өкмөтү жактырды. Балким мындан да маанилүүсү-Иранда да урматталган Улуу аятолла Али ал-Систани келишимди колдоп, эгер өкмөт жактырса, ага эч каршылыгы жок экенин билдирген. Азыр, эгер Ирактын парламенти жактырса, Ирандын радикал лидерлери бул келишимге жок деп айта албагыдай абалда. Бул эгер Ирактын парламенти келишимди жактырса, Иран муну каалабайт, бирок ирандык лидерлер ага каршы эч нерсе жасай албайт же айта албайт дегенди туюндурат.

Айткандай эле Ирандын жогорку даражалуу расмий өкүлдөрү Ирактын өкмөтү жана аятолла ал-Систани келишимди жактыргандан бери тилин тиштенип эле калды. Өлкөнүн Nышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Хассан Кашхавинин 19-ноябрда билдиргенине караганда, Тегеран "Ирак-АКШ келишимине өз турумун ал Ирактын парламентинде расмий ратификациядан өткөндөн кийин жарыялайт".

Расмий өкүлдөр азырынча тикелей комментарий жасабаганына карабай, Ирандын өкмөтчүл маалымат каражаттары ирактык суниттердин радикал динаятчысы, Муктада ал-Садр жана анын жактоочуларынын билдирүлөрү менен аракеттерине көңүл бурду. Садрчылар келишимге каршы чыккан эле. Ушул эле маалымат каражаттары аятолла ал-Систани келишимди жактырганын, документти Ирак өкмөтүнүн 27 мүчөсү колдоп, бирөөсү эле каршы болгонун, ал-Садрдын тарапкерлери парламенттеги 572 орундун 30уна гана ээ экендиги жөнүндө айтышпады. Алар ошондой эле премьер-министр Нури ал-Маликинин келишим өкмөт менен парламенттеги шийи, күрд, сунни жамааттарынын көбүнүн колдоосу боюнча аракеттери негизинен ийгилик тапканы жөнүндө да үн катышпады.

P.S. Макала "Азаттык жана Эркин" Европа радиосунун уктуруулар боюнча директору Аббас Жавадинин комментарийинин негизинде жазылды. Анда айтылган пикирлер автордун (Аббас Жавадинин) жеке өзүнө таандык, "Азаттыктын" көз-карашын чагылдырбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG