Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:25

Путин Обамага ойлонуп көрүүнү сунуш кылды


В.Путин Санкт-Петербургда эл аралык жыйында сүйлөп жатат. 24-ноябрь 2008-жыл.
В.Путин Санкт-Петербургда эл аралык жыйында сүйлөп жатат. 24-ноябрь 2008-жыл.

Орус премьери Польша менен Чехияга АКШнын ракетадан коргонуу базаларын жайгаштыруудан биринчи кезекте европалыктар өздөрү утуларын эскертти. АКШнын жаңы өкмөтүн ал бул планды кайра карап чыгууга чакырды.

Гуманитардык укук маселелерине арналган Санкт-Петербургдагы эл аралык жыйында орус өкмөтүнүн премьери Владимир Путин коопсуздук проблемаларына, алардын ичинде Вашингтондун Европадагы ракетадан коргонуу системасына да токтолду.

”Эгер АКШнын жаңы администрациясы бул жагынан Польшадагы жана Чехиядагы пландарынан баш тартса, анда Россиянын жооп кайтарган чараларына байланышкан маселе да өзүнөн өзү күн тартибинен алынат”,-деп айтты Путин. Муну менен Европадагы кооптуу, тетири тенденция бейкут нукка бурулат.

“Америкалык өнөктөштөр кандай гана жүйөөлөрдү айтышпасын, биз үчүн баары айдан ачык: бул долбоор Россиянын стратегиялык күч-кубатына каршы багытталган”,- деп көрсөттү Путин. Буга Москва теңбарабар жооп кайтарбай кое албайт. “Болгону мындай иштерден ким утары гана белгисиз.Бирок жалпы дүйнө, биринчи кезекте Европа утулары калетсиз”.

Путин ошондой эле жалпы европалык коопсуздук жөнүндө жаңы келишим түзүү идеясына да кайрылып, анын үч принцибин сунуш кылды. Биринчиден, эч ким өз коопсуздугун башкалардын эсебинен камсыз кылбашы керек; экинчиден, жалпы европалык коопсуздук мейкиндигин бүлүнтө турган аракеттер жасалууга тийиш эмес; үчүнчүдөн,аскери союздарды өнүктүрүү жана кеңейтүү иши келишимге кирген башка өлкөлөрдүн таламдарына зыянын тийгизбеши керек.

Путин жаңы келишим боюнча сүйлөшүүлөр жеңил болбой турганын моюнга алды. Ошол эле учурда Москванын позициясы европалыктардын көч башындагы өлкөлөрдөн колдоо таба баштаганын белгиледи.

Орус премьеринин бул идеяларына азырынча европалык жана америкалык ырасмий өкүлдөр ак же көк деп үн кошуша элек. Андан бир күн мурда президент Дмитрий Медведев АКШнын жаңы өкмөтү азыркы администрациянын Чехиядагы жана Польшадагы пландарын кайра карап чыгышы мүмкүн дегендей божомолун айткан эле.

Барак Обама ракетадан коргонуу системасын колдой турганын ырастап,бирок ал адегенде техникалык жактан сынактан өтүшү керектигин көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG