Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:29

“Жаңы Кыргызстан” кызматкерин сабагандарга иш козгоону талап кылууда


Партиянын саясий кеңеши “Жаңы Кыргызстан” партиясынын Ош облусу боюнча координатору Керим Макеевди сабаган милиция кызматкерлерине каршы кылмыш козгоону талап кылган билдирүү таратты. Партиянын баш катчысы Исмаил Исаков бул фактыны жеринде териштирүү үчүн эртең Ош шаарына барарын маалымдады. Камбаров деген жазуусу бар күбөлүктү көрсөткөн милиция кызматкерлери 23-ноябрда түштөн кийин Керим Макеевди мамлекеттик саясатка каршы сүйлөп атасың деп, автоунаага киргизип алып сабашкан. Башкача ой жүгүрткөн адамдарды сабоо, куугунтуктоо өнөкөткө айланып баратат деп эсептеген “Жаңы Кыргызстан” партиясы мындай жорук улана берсе тартип коргоо кызматкерлеринин өзүм билемдигине каршы өлкө боюнча саясий акция уюштурарын эскертип, президенттен Конституциянын кепили катары адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоону суранды. BuS)

XS
SM
MD
LG