Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Орусия АКШнын сынчысы Чавес менен алакасын чыңдайт


Медведев Венесуэлага биринчи жолу баратат, а Уго Чавес Орусияга үч сапар келип кетти.
Медведев Венесуэлага биринчи жолу баратат, а Уго Чавес Орусияга үч сапар келип кетти.

Орус президенти Дмитрий Медведев Латын Америкадагы сапарын улантып, бүгүн Венесуэлага келет. Мунун алдында Венесуэлага Орусиянын аскерий кемелери жетти. Эки өлкөнүн президенттеринде тең Вашингтонго каңкуулоочу нерселер бар.

Орус президенти Дмитрий Медведев жана акыркы жылдары Орусия менен алакасын чыңдоонун үстүндө иштеп келе жаткан Венесуэланын президенти Уго Чавестин Каракастагы сүйлөшүүлөрүндө негизги көңүл эки өлкөнүн ортосундагы курал соодасына, мунай - газ секторундагы кызматташтыка, буга кошумча Венсуэланын Орусия жардамы аркасында өзүндө өзөктүк реактор куруу мүдөөсүнө жана соода-сатыкты өнүктүрүү маселелерине бурулары күтүлүүдө.

Медведев Венесуэлага чейин Перуга, Кубага, Бразилияга токтоду. Жекшембиде Перуда болгон кезинде ал Орусия Латын Америка чөлкөмү менен Кансыз согуш доорунан кийин солгундай түшкөн алаканы кайра тикелөөнү кааларын белгиледи:

-Бул өлкөлөрдүн (Латын Америкадагы) көбү менен совет доорунда бизде күчтүү, олутуу алакаларыбыз болгон. Азыр аларды калыбына келтирүүчү учур келди. Андыктан булар да - биз өзгөчө, артыкчылыктуу мамиле түзүүнү каалаган өлкөлөр.

Анткен менен Дмитрий Медведев орус мамлекет башчысы катары азыр Венесуэлага алгачкы сапар менен келүүсүндө ачык белгиленбеген, түпкүрдө жаткан жүйөө - ал да, венесуэлалык кесиптеши Уго Чавес да АКШга моюн суна бербесин билгизүүнү көздөгөнү.

Маселен орус президенти АКШнын Орусия менен Грузиянын августагы кыска согушунан кийин Кара деңизге аскерий кемелерин жиберүү чечимине жана Борбордук Европада ракетадан коргонуу системасынын жабдууларын жайгаштыруу планына каршылык билдирүүнү каалайт.

Ушул жүйөөдөн улам орус президентинин сапары согуш кемелереринин тобу Венесуэлага жеткен кезге туш келүүдө. Түндүк флоттун өзөктүк курал алып жүрүүгө жөндөмдүү "Улуу Петр" крейсери баштаган кемелер Каракастын жанындагы Ла –Гуайра портуна шейшемби күнү кирди. Венесуэла тарап аларды 21 ирээт салют атуу менен тосуп алды. Бул орусиялык кемелердин Кариб деңизинде Кансыз согуш доорунан бери алгачкы ирээт жайгашуусу.

Эми эки тарап АКШнын короосунун артында 1-декабрдан тарта биргелешкен машыгуу өткөргөн жатат.

Венесуэла президенти Уго Чавес өз тарабынан Вашингтонго ал АКШнын жалгыз эле сынчысы эместигин, кубаттуу досу жана шериги бар экенин көргөзүүнү көздөөдө. Быйыл 11- сентябрда Венесуэлага Орусиянын өзөктүк курал алып жүрүүгө жөндөмдүү стратегиялык эки учагы барганда, ал бул окуяны АКШга эскертүү катары мүнөздөп, мындай деген эле:

-Орусиянын бомба таштоочу стратегиялык Т-160 учактары Венесуэлага конду. Ооба, ооба, бул янкилерге ( америкалыктарга) оор тийсин.

Соңку жылдардын ичинде Орусия менен Венесуэла курал соодасы боюнча да бир нече келишимдерди түздү. Каракас 2005-жылы 4,4 миллиард долларга ок атуучу учактарды, тик учактарды, Калашников автоматтарынан 100 миң даананы жана башка курал-жарактарды сатып алган. Орусияда быйыл сентябрда акыркы ирээт болгон учурунда Чавес 1 миллиард доллардык насыяга, зениттик комплекстерди, брондуу техника жана аскерий учактарды сатып алууну убадалашып кайткан.

Америкалык расмий өкүлдөр болсо Орусиянын соңку күч көрөтүүлөрүн мыскылдап, анын сырткы гана түспөлү бар экенин белгилешкен. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Шон МакКормак кабарчылар менен болгон маегинде Орусиянын деңиздеги кубаты СССР ыдырагандан бери кыйла начарлаганына токтолуп, анткен менен алдыдагы машыгууларга "биз жакындан байкоо саларыбыз анык",- деп айтты.

Байкоочулар болсо Орусиянын Венесуэладагы ишмердиги жанданган учурдун убактысына көңүл бурушууда. Бул АКШнын шайланган президенти Барак Обама келерки жылдын 20-январында кызматка киришердин бир аз гана алдыда орун алып олтурат.

Барак Обаманын шайлоодогу платформасы АКШнын ички жана антагонизмди жараткан тышкы саясатын өзгөртүү экенин эске алганда, азыркы учур натыйжасыздай, балким атүгүл жолтоо кылуучудай көрүнөт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG