Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

Обама тушунда да Пентагонду Роберт Гейтс жетектейт


Роберт Гейтс АКШнын Коргоо министри бойдон кала берерин Кошмо Штаттардын маалымат булактары кабарлашты. Гейтсти Пентагондун башчылыгына дайындоо менен Барак Обама командасына бир республикачылды киргизди.

Серепчилер Гейтстин тажрыйбасы Ирактагы америкалык аскерлерди кыскартууда керек болорун айтышат. Обама шайлоо өнөктүгү учурунда бийликке отургандан кийинки 16 айдын арасында америкалык аскерлерди Ирактан чыгарып кетем деп сөз берген.

Президент шайланган Барак Обаманын Коргоо министри болуу жөнүндөгү сунушуна Роберт Гейтс макулдук бергенин Демократтык жана Республикачыл партиялардын атын атабоону өтүнгөн жооптуу кызматкерлери ырасташты.

65 жаштагы Гейтс Пентагонду 2006-жылдан бери жетектейт. Роберт Гейтс Обаманын өкмөтүндөгү биринчи республикачыл болот. Муну менен, Обама, биринчиден, өз командасына жок дегенде бир республикачылды кошту. Экинчиден, Обама Буштун аскерий стратегиясынын атасы эсептелген Гейтстин жардамы менен Ирактагы аскерлерди кыскарта алат, дешет серепчилер.

Гейтс жана Обаманын сүйлөшүүсүнө катышкан ырасмий адамдардын айтымында, Гейтс Коргоо министрлигин убактылуу эмес, келерки төрт жыл бою жетектейт сыяктуу.

Гейтс өзү Обаманын сунушу жөнүндө эч кандай билдирүү жасай элек. Бирок, апта башында Канадага барганда америкалык аскерий пландоочулардын жакынкы айлардагы башкы милдети Ооганстанда 2009-жылы болчу президенттик шайлоонун тынч өтүшүн камсыздоонун үстүнөн иштөө экенине көңүл бурган:


- Менин оюмча, шайлоо эрте күздө, балким сентябрда болот деп мерчемделүүдө. Бирок да, эң алды Ооган өкмөтү 2009-жылы биздин жардамыбыз менен айрым оңдуу иштерди жасоосу зарыл экенин биз баарыбыз билебиз.

Гейтс Ооганстандагы президенттик шайлоонун коопсуздугун камсыздоо үчүн АКШ жана НАТО келерки жылы өлкөгө кошумча дагы төрт бригада жибериши, анын алгачкысы өлкөгө январда киргизилиши зарыл деп эсептейт:

Обаманын өкмөтүндө Улуттук Коопсуздук Кеңешин жетектөө отставкадагы генерал Жеймс Жонско сунуш кылынганын Ассошэйтед Пресс агенттиги Демпартиянын белгисиз калууну өтүнгөн жооптуу кызматкерине шилтеп маалымдады. Жонс бир жылдары НАТОнун Европадагы күчтөрүн жетектеген. Ошондой эле Буштун Жакынкы Чыгыш боюнча атайын кеңешчиси да болгон.

Кээ бир талдоочулар Жонс жана Гейтсти дайындоо менен Обаманын администрациясы алардын террорчулукка каршы көрөштөгү тажрыйбасын пайдаланат жана Конгресстин биримдигин сактай алат дешет.

Ошол эле учурда Обаманын администрациясы президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда болжолдонгондой көгүчкөн мүнөз эмес, кыргыек сыпат же согушчул болот деген да пикирлер айтылууда.

XS
SM
MD
LG