Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Индиядагы террактан көз жумгандардын саны өсүп баратат


Индиянын каржы борбору Мумбаи шаарындагы террактан ушул тапта 87 адам набыт болуп, 200гө жакын киши жарат алды.Каза болгондордун арасында 11 полицей жана 9 согушкер бар экендиги айтылууда.Согушкерлер терракты эки ири мейманканада, темир жол вокзалында жана туристтер жүргөн башка аймактарда бир маалда мыкты уюшкандык менен жасашкан. Акыркы маалыматтар боюнча терракты мурда аты белгисиз Deccan Mujahideen деген уюм жасады деп жатышат. Алардын барымтасында бир нече чет өлкөлүк жарандар калды деген маалымат да бар.Британия менен АКШнын өкмөттөрү кол салууларды кескин айыптаган билдирүү таратышты.Орусиянын президенти Индиянын премьер министрине көңүл айтуу жиберди. Акыркы жылдары Индияда мындай террактардын бир нече толкуну болгон.

XS
SM
MD
LG