Жалпысынан 18 аял америкалык аскерлерге багынып берген. АКШ күчтөрүнүн айтымында, алар жанкчтиликке түштүктөгү Дияла провинциясында даярдалып, машыгуудан өткөн. Кабарларга караганда, аларды машыгуусун токтотуп, багынып берүүгө аталары менен жергиликтүү молдолор көндүрүшкөн. Террордук топтор Иракта жанкечтилердин чабуулдарын уюштуруу үчүн аялдарды пайдаланышат. Мунун негизги себеби аялдардын дене-башы эл топтолгон жерлерде эркектерге караганда азыраак тинтүүгө алынат.
Бул аралыкта бүгүн башкаала Багдадда эки бөлөк жерде болгон жарылуудан эки киши каза таап, тогузу жаракат алды.
Бул аралыкта бүгүн башкаала Багдадда эки бөлөк жерде болгон жарылуудан эки киши каза таап, тогузу жаракат алды.