Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:20

Ирак парламенти коопсуздук келишимин жактырды


Ирактыктар парламенттеги талкуулардын жүрүшүнө "көгүлтүр экрандан" көз салып турушту. 27-ноябрь 2008-жыл.
Ирактыктар парламенттеги талкуулардын жүрүшүнө "көгүлтүр экрандан" көз салып турушту. 27-ноябрь 2008-жыл.

Ирак парламенти АКШ менен түзүлгөн коопсуздук келишимин жактырды. Документ америкалык аскер контингентине дагы үч жылга калганга укук берет.

Парламент спикери Махмуд Машхадани документ 144 добуш менен жактырылганын, 35 депутат каршы чыкканын маалымдады.

Келишимдин шартына ылайык АКШ аскерлери эмдиги жылдын экинчи жарымына чейин Ирактын бардык шаарларынан чыгарылат, ал эми 2011-жылдын этегине калбай өлкөдөн биротоло кетет.

АКШ президенти Жорж Буш документти парламенттен ийгиликтүү өткөрүп алганы үчүн Ирак өкмөтүн куттуктады. Багдаддагы айрым байкоочулар болсо келишимди “тарыхый документ” деп аташты жана ал премьер-министр Нури ал-Маликинин позициясын бир топ бекемдей турганын белгилешти. Бул атургай “Барак Обамага жана анын өкмөтүнө ал-Малики күчтүү саясатчы экенин, ага таянса жана ишенсе болорун ырастаган ишаара болду”,- деп билдирди Багдад университетинин саясий илимдер боюнча профессору Хамид Хассан.

Келишимдин долбоорун Вашингтон менен Багдад,аларга катарлаш Ирактагы саясий партиялар он бир айдай талкуулап-талашышты. Кечээ аны башкаруучу коалицияга кирген күрттөр менен шийиттердин фракциялары толук колдоду. Сүннүлөр арасында документтин бир катар жоболоруна кошулбагандар болду. Ал эми шийиттердин радикал имамы Муктада ас-Садрдын отуз депутаттан турган тарапкерлери келишимдин кабыл алынышына каршы болуп, сессия учурунда нааразылык билдиришти.

Документ эми президенттик кеңеште бекитилет, андан соң күчүнө кирет. Келишимди биринчи болуп 15-ноябрда өкмөт жактырган эле.

Келишимде каралган мөөнөт аяктаганда АКШ бардык аскер базаларын Иракка өткөрүп берет.Ошондой эле америкалык аскерлер мындан ары жүйөөлүү негизде айып койбой туруп эч кимди кармап, камай албайт. Ушу тушта алар түрмөлөрдө 17 миңден ашуун кишини кармап турушат.

АКШ аскерлери Иракка Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин мандаты менен киргизилген. Мандаттын мөөнөтү быйыл жыл этегинде бүтөт.

Жаңы шайланган президент Барак Обама он алты ай ичинде Ирактагы контингенттин санын кыскартып, алардын эсебинен Ооганстандагы күчтөрдү бекемдегенге сөз берген.

XS
SM
MD
LG