Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Т. Акун: Оппозиция койгон талаптардын көбү туура


Акыйкатчы Турсунбек Акун “Азаттыктагы” маегинде бийлик оппозиция коюп жаткан талаптарды талкуулап, туурасын кабыл алып, туура эмес далилдеп четке кагышы керектигин айтты. Акыйкатчы катары эки жааттын ортосунда даанакерлик милдетти аткарып, талкууга чогултууга даярдыгын дагы бир жолу баса белгиледи. Бийлик оппозицияны четке какпашы керектигин, оппозиция да шайланган бийликке аяр мамиле жасашы зарылдыгын эскертти. Т. Акун оппозициянын президентти кызматтан кетирүү тууралуу талабына кошулбастыгын, анткени К. Бакиев шайланган мөөнөтү бүткүчөктү кызматта калышы керектигин билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG