Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:29

Бийлик оппозициянын талаптарына кулак салабы?


Бириккен оппозициянын элдик курултайы, 29-ноябрь 2008-жыл

Саясий серепчи Табылды Акеровдун баамында азыркы бийликтин оппозиция менен сүйлөшүүгө жол издегенге эрки жетпейт, кайра оппозицияны талкалаш үчүн провокациялык жол издеши мүмкүн.

- Бир топ саясатчылар курултайды пайдасыз, натыйжасыз жыйын, ал эми оппозициянын келечеги жок деп айтып атышат. Оппозиция бир орунда тапталып, кур кыйкырыктан алыс кеталбайт деген доомат менен айтып атышат. Сиз ушуга кошула аласызбы?

- Чын-чынында кандай иш чара өтпөсүн, бул протест. Бийликтин саясатына карата өзүнүн оюн билдирүү болуп эсептелет. Ошондуктан курултай бийликке, бүгүнкү болуп аткан экономикалык саясатка карата оппозиция өзүнүн оюн билдирди жана жүрүп жаткан саясаттын туура эместигин элге жарыялады десек болот. Себеби бул саясат оюндун ушундай шарты бар. Эгерде чын-чынына келгенде оппозиция өзүн мыйзамдуу жолдор менен күрөштү бийликке тартуулап жатат. Ошол эле учурда эмнегедир оппозицияны өзүнө тартуу бийлик үчүн татаалыраак болуп жатат.

- Оппозициянын биринчи максаты - бийликти алмаштыруу, мамлекеттик башкаруу системасын алмаштыруу экенин жар салды. Аларда кандай жол, кандай ыкмалар бар, мүмкүнчүлүгү жетеби ошого?

-Ооба, алар меморандум кабыл албадыбы. Ошондо бийликти алмаштыруунун бир топ жолдору каралган. Бирок аны бийлик менен сүйлөшүү жолу менен болобу, же болбосо пикет, митингдер менен аны мажбурлап жасайбы - ал келечектин иши. Бийлик оппозиция менен тегерек үстөлгө отуруп сүйлөшө алабы, же болбосо ушундай эле тирешүү жолу менен кете береби, ошонун негизинде жүрөт десем болот.

-Оппозиция ошол сүйлөшүүлөргө барышы мүмкүнбү? Себеби буга чейинки билдирүүлөргө караганда, мисалы айрым лидерлер сүйлөшүү мүмкүн эмес, мындай система менен жашоого мүмкүн эмес деп кесе айтып айтышат?

-Сүйлөшүүлөргө барышы мүмкүн. Анткени бийлик ар дайым оппозиция менен сүйлөшүп, анын талаптарын угуп турушу керек. Бирок тилекке каршы бүгүнкү күндө андай болбой жатат, бийлик оппозиция менен сүйлөшпөй, мындайча айтканда убакыттын баарын уттуруп жатат, анан элдик нааразылыктар да көбөйүп баратат, ошонун негизинде саясий абал мындан дагы курчушу мүмкүн болуп атат.

-Президент, мисалы шайлоо жакындап келатканын эске алганда, мындан ары кандай аракеттерди жасашы мүмкүн оппозицияга карата?

-Менимче, сүйлөшө алышпайт оппозиция менен бийлик. Азыркы президент менен Акаевди салыштыруу кыйын, анткени мунун дарамети Акаевден төмөнүрөөк. Оппозициянын алдында тегерек үстөлгө отуруп сүйлөшүү ал үчүн кыйын. Мен ойлойм, ошондуктан президент же анын администрациясы митинг же пикеттерге чыкканда, кандайдыр бир провокация менен оппозицияны дагы бир жолу талкалап, же болбосо чачыратып, мына оппозиция жок дегендей элге сүр берип, анан президенттик шайлоого барат го деп ойлойм.

Отуруп сүйлөшө турган болсо, сүйлөшмөк мурдатан эле. Таласта дагы ревкомдун курултайы болуп өттү, ошондо дагы Казакстандын ички иштери органдары менен сүйлөшүп, Жамбулга жете бериштеги өтмөктөн оппозицияны токтотуп, өткөрбөй коюу аракети көрүлгөн. Бирок аягында мушташ чыгып кете турганын баамдап, анан Таласта курултай өткөрүүгө макулдук беришкен.

-Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG