Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:19

Коомдук палата - диалог эмес, монологдун уландысыбы?


Президент Коомдук ордо кеңеш түзүү жөнүндө жардыкка кол койду. Бирок 45 кишиден турган кеңешке оппозиция өкүлдөрү кирбей турганын билдирүүдө

Коомдук ордо кеңешти түзүү идеясын мамлекет башчысы алгачкы жолу 17-октябрда Кыргызстан калкына кайрылуусунда ачыктаган. Аны түзүү боюнча жардык 1-декабрда чыгарылды. Жардыкка ылайык Коомдук ордо кеңешти уюштуруу комитети бир жуманын ичинде талапкерлерге коюла турган талаптар, талапкерликке көрсөтүүнүн тартиби, документтерин тактап чыгууга тийиш. Келерки жылдын 20-январына чейин талапкерлердин тизмеси бекитилүүгө берилүүгө тийиш. Коомдук ордо кеңеш бюджет тарабынан каржыланат.

Жаңы уюмду уюштуруунун максаты тууралуу президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Досалы Эсеналиев буларды билдирди:

-Коомдук ордо кеңеш 45 өкүлдөн турат. Ага саясий партиялардан, коммерциялык эмес уюмдардан, ишкер чөйрөлөрдөн, Кыргызстан калкы Ассамблеясынан, кесиптик кошуундар бирикмесинен, чыгармачыл бирикмелерден жана жергиликтүү жамааттардан өкүлдөр кирет. Коомдук ордо кеңешти түзүүнүн негизи максаты мамлекеттик тышкы жана ички саясатындагы негизги багыттарын иштеп чыгарууда жана жүзөгө ашырууда сунуштарды берүү.

Айрым саясатчылар Коомдук палата, же Коомдук кеңештин түзүлүшүн кубаттоого алууда. Маселен, саясатчы Алмамбет Матубаримов аны колдоп, Коомдук ордо кеңештин курамына оппозиция тартылыш керек деген пикирин билдирди.

Ал эми оппозиция өкүлдөрү жаңы уюмдун курамына киришпей турганын билдирүүдө. Маселен, “Акыйкат үчүн” кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкулов мындай пикирин билдирди:

-Коомдук палатаны түзүү аракети мурунку бийлик тушунда эки ирет жасалган. Азыркы бийлик жасаган Коомдук палатадан да эч нерсе чыкпайт.Анткени ал жерге реалдуу түрдө бийликке каршы пикир айта ала турган, бийликке оппонент боло турган күчтөр кирбейт. Ошон үчүн Коомдук палатадан эч нерсе чыкпайт, деген Аликбек Жекшенкулов оппозиция Коомдук ордо кеңешке өз талапкерлерин сунуштабасын кошумчалады.

“Кылым шамы” уюмунун лидери, өлкөдөгү белгилүү укук коргоочулардын бири Азиза Абдырасулова Коомдук ордо кеңеш бийликтин куралына айланат деген пикирде:

-Бул бүгүнкү бийлик жүргүзүп жаткан саясатка өтө ынгайлуу. Себеби бул башка жарандардын үнүн укпай коюштун эн жакшы жолу, эң жакшы амалы. Алар айтышат, мына силердин атыңардан Коомдук ордо кеңешти түзүп койдук, ошолор сүйлөйт дешет. Маселен, Коомдук кеңеште 5 миллион калктын атынан 50-60 адам сүйлөйт. Бул демилгенин автору Бакиев эмес, Россия президенти Владимир Путин, деген Азиза Абдырасулова ал жетектеген уюм Коомдук ордо кеңештин ишине катышпай турганын белгиледи.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев Коомдук ордо кеңештин түзүлүү максаты иши тууралуу буларды билдирди:

-Бул эми Кыргызстан элдеринин Ассамблеясына окшогон, бийликке жардам бере турган бир уюм калышы мүмкүн. Себеби дегенде муну ким каржылайт деген маселе чыгат. Аны албетте бийлик каржылайт. Анан ким каржыласа, ошонун сөзү айтылат. Бул ачык-айкын нерсе. Анан мына Коомдук ордо кеңештин пикири эске алынды, Коомдук ордо кеңеш ошондой деп чечти деген нерселер үчүн эле керек уюм болуп калат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG