Косовонун премьери Хашим Тачи Евросоюздун миссиясы - EULEX 9-декабрдан кийин гана ишке кирише алат деп билдирди жана мунун эч кандай себебин айткан жок.
Премьер азыр өз тарапкерлеринин катуу кысымында калды. Тачини алар Косовонун көз карандысыздыгын коргогонго алсыздык кылып жатат деп айыптап,анын кызматтан кетишин талап кыла башташты. Буга катарлаш эле алар Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мундун планын да караманча четке кагып жатышат.
Косового Евросоюздун полицмендер менен юристтерден турган 2 миңдей миссиясын жайгаштыруу чечими былтыр кабыл алынган. Адегенде буга Сербия каршы чыгып, бул үчүн Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин атайын резолюциясын талап кылган.
Өткөн айдын этегинде Коопсуздук Кеңеши маселени карап, Улуттар Уюмунун Косоводогу администрациясына өз бийлигин Евросоюздун миссиясына өткөрүп берүүнү табыштады. Буга байланыштуу баш катчы Пан Ги Мун алты пункттан турган план сунуш кылды. Ага ылайык, Косовонун албандар жашаган аймактары бүт бойдон EULEXтун көзөмөлүнө берилет, ал эми түндүктөгү серб калкы турган район Улуттар Уюмунун администрациясынын амиринде калат.
Албан калкы бул пландан Косовону улуттук эки аймакка бөлүү аракетин көрүп, мындайга эгерим макул болбой турганын айтышты. Приштинада аламан демонстрация өткөрүшүп, “Косовону бөлчөктөгөнгө жол бербейбиз – биз суверендүү өлкөбүз!” – деп буркан-шаркан түшүштү. Активисттердин бири “Евросоюздун миссиясы бейтарап боло албай турганын” айтып, “Косоводо дагы бир Сербияны түзгүсү келип жатат” деп айыптады.
Балкандагы демократиялык саясат кеңешинин эксперти Жеймс Лион да бу миссияга байланышкан маселеде чаташкан өтө эле көп жагдайлар бар экенин, Пан Ги Мундун планын эки тарап тең кабыл алат деп ишендиришкен брюсселдик чиновниктер иш жүзүндө “мурдунун учунан арыраак” көз чаптыра албай жатышканын белгиледи.
Деген менен EULEXтин башчысы Ив де Кермабон эмдиги аптада миссия Улуттар Уюмунун Косоводогу администрациясынан бардык бийликти өзүнө өткөрүп аларын ырастады. Ошол эле учурда бул процесс бир топко созуларын кошумчалап, Евросоюз өкүлдөрү январда барып гана ишке киришип калышы мүмкүн экенин моюнга алды.