Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

НАТО убадасына турат, бирок Россия менен байланышын жандандырат


НАТОнун тышкы иштер министрлери 2-декабрда Брюсселде өткөн жыйынында Россия менен байланышты акырындап калыбына келтирели деп чечишти.

НАТО-Россия байланышы августта Москва-Тбилиси ортосунда болгон чатактан кийин токтотулган. НАТОнун мүчөлөрү Украина жана Грузияны болочокто уюмга кабыл алынсын деп макулдашты, бирок эки өлкөгө мүчөлүккө кошулуу планын берилген жок.

Германия жана Франция сыяктуу Европанын ири өлкөлөрү Украина менен Грузияны НАТОго кабыл алуу боюнча планга кошууга шашпагандарын Брюссел жыйыны көрсөттү. Мындай кадам Москва менен Брюссел арасындагы карама-каршылыкты дагы курчутат деп чочушат Париж менен Берлинде.

АКШ, Британия жана НАТОнун Польша, Чехия, ошондой эле Балтия өлкөлөрү сыяктуу жаңы мүчөлөрү Грузия менен Украинаны уюмга кабыл алууну жактап келишет.

2-декабрдагы жыйында НАТОнун тышкы иштер министрлери Россия менен уюм арасындагы алканы акырындап жандандырууну туура тапты. Байланыш Россия быйыл августа Грузияга басып киргенде токтотулган эле.

НАТОнун башкатчысы Яап де Хооп Скеффер Брюсселде жасаган билдирүүсүндө НАТО-Россия кеңешинин ырасмий жолугушуулары улантыларын, бирок али да Москва менен альянс арасында чоң келишпестиктер бар экенин белгиледи:

-Россия менен алаканы акырындап жандандыруу, арийне, биз августта Москванын Кавказда ашыкча күч колдонуусуна же Абхазия менен Түштүк Осетияны таануусуна макул болдук дегенди билдирбейт.

Скеффер, ошондой эле, Украина жана Грузия НАТОго кошулуу боюнча «алгылыктуу кадамдарды жасаганы» менен «дагы көп олуттуу иштерди бүткөрүштөрү зарыл» экенин кошумчалады.

НАТО быйыл апрелде Бухарестте болгон саммитинде эки өлкө акырындап уюмга кабыл алынат деп сөз берген. Брюссел бул убадасында бекем турганын Скеффер шейшемби күнү кайра кайталап, НАТО Украина менен Грузия мүчөлүккө даяр болуусу үчүн тийиштүү реформаларды жүргүзүүсүнө зарыл жардамын дагы көбөйтөөрүн айтты.

Украина менен Грузияны өзүнүн кызыкчылык зонасына кирет деген Москва алардын НАТОнун мүчөлүккө кошулуу планына кабыл алынышына каршы. План өлкө альянска кабыл алынгандан мурда аткарчу саясый жана аскерий реформаны тизмектеп тактайт.

АКШнын Мамкатчысы Кондолиза Райс жыйында сүйлөп, Россия-НАТО кеңеши бейрасмий жолугушууларын баштаганы менен, Москва Грузиядагы баскынчылыгынын дипломаттык залалын алиге көрүп жатканына көңүл бурду:

- Россиянын Грузиядагы баскынчылыгы альянсты кеңейтүүнүн жакшы такталган планын бузду. Бул кадыресе боло берчү иш эмес.

XS
SM
MD
LG