Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Райс Индияда: арачылык акыркы сапар


Индия - Кондолиза Райс АКШнын элчилигинде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат. 3-декабрь 2008-жыл.
Индия - Кондолиза Райс АКШнын элчилигинде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат. 3-декабрь 2008-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Индияда өлкө жетекчилери менен жолугушуп, терроризм темасын, Индия менен Пакистан ортосундагы мамилелерди талкуулады. Бул Райстын акыркы арачылык сапары болуп калышы мүмкүн.

Кондолиза Райс Делиде Индиянын премьер-министри Манмохан Сингх менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң Мумбайдагы окуяларды “Ал-Каиданын” Нью-Йоркто уюштурган террордук балааматына салыштырды. Ал ошондой эле Индия менен Пакистан ортосундагы мамилелердин кылоосун мокотконго аракет кылды.

Терроризмге каршы күрөштө бардык өлкөлөр өз ара тыкыс жана ачык кызматташа турган маал келгенин айтып, Райс мунун биринчи кезекте Пакистанга тиешеси бар экенин белгиледи. “Исламабад өкмөтүнө бу жагынан эмнелерди жасап, эмнелерди жасабашы керектигин айтып отургум келбейт”,- деп көрсөттү ал. Бирок бул ишти толук териштирип, Мумбайдагы кыянатты уюштурган адамдар Пакистандын да, Индиянын да душмандары экенин көрсөтөрүнө ишендирип жаткан Исламабаддын сөздөрүн Райс бузулгус милдеттенме катары кабыл алганын кошумчалады.

Мумбайда 180ге чукул кишинин өмүрүн алып, 300дөй адамды жарадар кылган террористтерди ырасмий Дели Пакистандан келген деп эсептейт. Колго түшкөн жападан-жалгыз террорчу да полицияда көрсөтмө берип, Пакистанда атайын лагерде машыгуудан өткөнүн, Индияга бери эле дегенде беш миңдей адамды өлтүрүү үчүн келишкенин тастыктады.

Индиянын полициясы террористтердин артында пакистандык “Лашкар-и-Тайба” тобунун башчысы Юсуф Музаммил турганын, Мумбайдагы кандуу булоонду ошол пландап, уюштурганын билдирди. Бул маалыматты АКШнын тышкы чалгындоо мекемеси да бышыктады.

Бирок ырасмий Исламабадда мунун баарын четке кагып жатышат. Президенти Асиф Али Зардари эгер Индия Мумбайдагы окуяларга пакистандык кайсыдыр бир топтордун тиешеси барлыгын далилдесе, аларга өтө катаң чаралар көрүлөрүнө ишендирди.

Шейшемби күнү Индия 20дай адамды кармап, Делиге өткөрүп берүүнү талап кылып, Пакистанга кайрылган эле. Исламабад бул талапты четке какты жана ишти териштирип чыгуу үчүн биргелешкен комиссия түзүүнү сунуш кылды.

Мындан эки күн мурда Индиянын башкаруучу партиясы Мумбайдагы окуялар үчүн ырасмий Дели Исламабадга каршы теңбарабар чараларды көрөрүн билдирген эле.

Лондондогу экономика мектебинин Түштүк Азия аймагы боюнча эксперти Антонио Гиюстози ырасмий Делинин ар кандай калпыс кадамы террорчулардын чырагына май тамызарын эскертти. Гиюстози Индиянын маалымат каражаттарында, дипломатиялык чөйрөлөрүндө байкалып жаткан ачуу маанай күчөй берсе, анда бул террорчуларга Исламабад менен Делини андан бетер араздаштыруу үчүн Мумбайдагы иштерин башка бир жерлерде кайталаганга кошумча демөөр болуп бериши мүмкүн деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG