Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Евросоюз “Чыгыштагы өнөктөштүк” планын жарыялады


Жозе Мануэл Баррозу жана Бенита Ферреро-Валднер Брюсселде "Чыгыштагы өнөктөштүк" планын жарыялап жатышат.
Жозе Мануэл Баррозу жана Бенита Ферреро-Валднер Брюсселде "Чыгыштагы өнөктөштүк" планын жарыялап жатышат.

Шаршемби күнү Европа комиссиясы экс-советтик алты республикага кызматташтык планын сунуш кылды. Долбоордо Чыгыш Европадагы жана Кавказдагы өлкөлөргө финансылык жардам көрсөтүү каралган.

“Чыгыштагы өнөктөштүк” планы Украина, Грузия, Армения, Азербайжан жана Молдавия менен кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөйт. Эгер “Европанын акыркы диктатору” аталып жүргөн Александр Лукашенко демократиялык реформаларды баштап калса, анда долбоорго Белоруссия да кошулушу мүмкүн.

Масштабдуу бул планга ылайык, Евросоюз өзүнүн экс-советтик коңшулары менен жакынкы келечекте жаңы келишимдерди түзөт,алардын ортосунда эркин соода аймактарын өнүктүрөт, өзгөчө энергетикалык коопсуздук чөйрөсүндө кызматташтыкты чыңдайт,аларга жеңилдетилген виза режимин сунуш кылат.

Тышкы саясат боюнча еврокомиссар Бенита Ферреро-Валднер чыгыштагы коңшулар менен мамиле түзүүдө бурулуш жасай турган учур келгенин белгиледи. Бул деген ар түрдүү өлкөлөр коңшулук платформада бирге чогулуп, бир-биринен сабак алат: кайсы жерде кандай жакшы өнөгө бар, аны көрүп, башка жерде аны кантип өнүктүрсө болот,бу жагын талкуулап-талдап чыга алат дегенди билдирет.

Еврокомиссар мындай кызматташтык үзүрлүү жана пайдалуу болорун кошумчалады.

“Энергияны алсак, бул тармактагы алардын коопсуздугу биздин да коопсуздугубуз болот. Кыскасы, мындан эч ким уттурбайт, бул баарыбыздын таламдарыбызга төп келет”, - деп айтты Ферреро-Валднер.

“Чыгыш өнөктөштүгүнө” киргендерге жалпы эсепте 350 миллион евро өлчөмүндө финансылык көмөк көрсөтүлөт, анын бүткүл көлөмү 2020-жылга чейин 1,5 миллиард еврого жетиши мүмкүн.

Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу каражаттын баары негизинен мамлекеттик институттарды чыңдоо, демократияны, мыйзам улуктугу принцибин бекемдөө максаттарына жумшаларын ырастады. Беш өлкөнүн лидерлери менен келерки жылдын биринчи жарымында атайын жыйын өткөрүү жагы каралууда.

Өнөктөштүк планына тартылган өлкөлөрдү Евросоюзга мүчө кылып алуу тууралуу азырынча сөз жок. Жеңилдетилген виза режими да акырындап киргизилет,баары ойдогудай болсо, алыскы келечекте тараптар эркин карым-катнашка өтүшү мүмкүн.

Баррозу жаңы долбоордон Россия камтама болбошу керек деп эскертти. “Азыр кансыз согуш маалы эмес, андыктан таасир көрсөтүү чөйрөсү деген түшүнүк да болбошу керек. Ар бир өлкө кайсы багытта өнүккүсү келет, муну өзү чечүүгө тийиш”.

Еврокомиссия жарыялаган бул сунуштарды Евросоюз лидерлери Брюсселде эмдиги аптада боло турган жолугушууда талкуулашат.

XS
SM
MD
LG