Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:02

М.Эшимкановго эрегишкендер пикетке чыгышты


Пикетке чыккандарды белгилүү шоувумен Ассоль Молдокматова баштап жүрөт.
Пикетке чыккандарды белгилүү шоувумен Ассоль Молдокматова баштап жүрөт.

УТРКнын башкы директору М.Эшимкановду кызматтан кетирүү талабы менен улуттук каналдын он чакты кызматкери Горькийдин эстелигинин жанында нааразылык акциясына чыгып жатышат.

«Эшимканов кетсин!», «Мелис Эшимканов жоголсун!»,-деген ураандарды көтөрүп Бишкектин Максим Горький эстелигинин жанында Улуттук телерадиокропорациянын он чакты кызматкери турушту. Алар аталган корпорациянын жетекчисин кызматтан кетирүү талабы менен чыгышканын билдиришти. Пикетте тургандардын бири теле-журналист Алтынбек Жумаев буга чейин дагы февраль айында ачкачылык жарыялагандардын тобу менен Мелис Эшимкановду кызматтан кетирүү талабын коюшканын, Эшимканов мамлекеттик кызматты алып бара албай, бир жылдан бери улуттук каналдын берүүлөрүнүн деңгээлин төмөн түшүрүп жибергенин белгиледи:

-М.Эшимкановдун келгенине бир жыл болду. Мына ушул жылдар аралыгында улуттук каналга бир дагы жакшы иш кылган жок. Бир дагы жаңы техникаларды, инвесторлорду тартып каражат алып келген жок. Же бир чыгармачыл адамдарды колдоп, колдоо көрсөткөн жок. Бул баягы эле өзүнүн «Агым» гезитиндегидей эле мамиле кылып, авантюра менен алектенип, мурдагы жетекчилер менен түзүлгөн эл аралык келишимдерди бузуп, ишке ашырууга жарабай өз билемдигин жасап жатат.

Пикетке чыккандар башкы директор Мелис Эшимкановго билдирүү жолдошуп, билдирүүдө аны УТРКны жетектөөдө мыйзам бузууларга барганы, каржылык банкорт кылганы, адилетсиздиги жана иш билбегени себеп болуп, нааразылык акциясына чыгууга мажбур болушканы көрсөтүлгөн. Ошондой эле улуттук телеканалда адилеттүүлүк орногонго чейин атуулдук каршылык көрсөтүүнүн мүмкүн болгон чараларынын баарына барууга даяр экендиктерин айтышкан.

Мелис Эшимканов болсо УТРКдагы реформага каршы адамдардын тобу уюшуп алышып нааразылыкка чыгып жатканын билдирди.

Буга чейин “Азаттыкка” Эшимканов ага каршы чыгып жаткандардын акциясы боюнча : -Эми бул таңгалычтуу деле эмес, күтүлгөн эле окуя.Баягы таттуу жерлеринен жылгылары келбей жатышат да, -деген пикирин айткан.

УТРКнын кызматкери Эркинай Эшенкулова учурда улуттук каналда жүргүзүлүп жаткан реформа натыйжалуу ишке ашпай жатканын, жетекчиге ишеними жоголгонун билдирди:

-Мен реформа туура эмес экен деген жыйынтыкка келип, мен кайрадан Мелис Эшимкановдун ишине каршы акцияга чыгып жатам.

Бир катар жылдар боюу теле-радио тармагында иштеген, азыркы УТРКнын айланасындагы маселерге көрүүчү катары баа берген Кадыр Кошалиев реформа деген оору жеке эле улуттук теле каналда эле эмес, коомдун бардык тармагын кучагына алганын, ар бир нерсени астын-үстүн кылып бузуп алуудан сактап, астейдил мамиле кылуу керек деген көз карашын айтты:

-Ар кандай реформа орусча айтканда “жертвасыз” болбойт. Чынын айтканда акыркы жылдары коомдо, саясатта болсун реформа деген сөз өзүнчө эле “модага” айланып, анан оңдош керек же болбосо бир нерсени талкалап, кайра бир нерсени куруш керек деген көч үстөмдүк кылып жүрөт да. Мен ушуга караманча каршымын. Көп нерсе эволюциялык түрдө, мурдагы жетишилген тажрыйбалар, мурдагы жакшы жасалган баалуулуктарга таянып туруп табигый өнүккөндү туура көрөр элем, -деди Кадыр Кошалиев.

УТРКнын нааразылык билдирген кызматкерлеринин өкүлдөрү мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу менен жолугушуп чыгышканын, Мелис Эшимкановду кызматтан кетирүү талабын мамкатчы президентке жеткирүүгө убада бергендигин тележурналист Бейшенбек Бекешов “Азаттыкка” билдирди. Ал ошондой эле Эшимкановду кызматтан кетирүү талаптары аткарылмайынча ар кандай нааразылык иш чараларын токтотушпастыгын кошумчалады.

Нааразылык акциясы 3-декабрда Максим Горькийдин эстелигинин жанында башталып, аны уюштуруучулар боз үй тигишкен. Тартип коргоо кызматкерлери Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна ылайык келбейт деп, боз үй тигүүгө уруксат беришкен жок.

XS
SM
MD
LG