Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

Стамбулда Ооганстан менен Пакистандын лидерлери жолугушат


Ооганстандын лидери Хамид Карзай
Ооганстандын лидери Хамид Карзай

Бүгүн Стамбул шаарында Пакистан менен Ооганстандын лидерлери өз ара мамилелерди жакшыртуу жана кызматташтыкты өнүктүрүү максатында сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт.

Түркиянын президентинин кеңсесинен жарыяланган билдирүүгө ылайык, бүгүн Стамбул шаарында Пакистандын президенти Асыф Али Зардари, Ооганстандын лидери Хамид Карзай, Түркиянын президенти Абдулла Гүлдүн катышуусунда сүйлөшүү өткөрүшөт.

Бул сүйлөшүүлөр аймактын туруктуулугун бекемдеп, өнүгүүсүн камсыздоо максатын көздөйт. 2001-жылы америкалыктардын жетекчилигиндеги эл аралык коалиция Ооганстанга киргенден кийин ал жерден качып чыккан жүздөгөн динчил экстремисттер Пакистандын түндүк батышындагы түркүн уруулар жашаган аймактарда баш паанектеген абалда экени билдирилүүдө.

АКШ менен Ооганстан Пакистанды, чек араларды бекем көзөмөлгө ала албай жаткандыгы үчүн сынга алып келүүдө. Пакистан болсо өзүнө карата айтылган сындарды четке кагып, проблема иш жүзүндө Ооганстандын өзүнөн башат алганын бышыктоодо.

Пакистандын лидери Асиф Али Зардари
Эки өлкө менен бекем мамилелери болгон Түркия болсо эки ара мамилелердин жакшыруусуна шарт түзүү максатында аракеттенип келе жатат. Бүгүн башталуучу сүйлөшүүлөр, эки кошуна өлкөнүн мамилелерин оңдоо максатында Түркиянын демөөрчүлүгү менен башталган сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы болуп эсептелет. Өткөн жылдын апрель айында Пакистан менен Ооганстан Анкара калаасында алгачкы жолу жолугушуп, талиптерге каршы бирдиктүү күрөш жүргүзүү тууралуу макулдашышкан.

Бүгүн башталуучу саммиттин алкагында 3 өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин кеңешчилеринин катышуусунда орток жумушчу тобунун дагы жыйыны болот. Түркиянын соода палаталары жана Биржалар биримдигинин Ооганстан жана Пакистандагы теңдеш уюшмалар менен түзгөн Стамбул шеринеси да бүгүн Стамбулда үчүнчү жолу жолугушуу өткөрөт. Үчөлтөк саммитте болсо, Ооганстан-Пакистан байланыштары, ал байланыштардын аймакка болгон таасирлери, Түркиянын да ат салышуусу менен түүзүлүүчү жана аймактын туруктуулугуна, коопсуздук жана өнүгүүсүнө шарт түзө турган долбоорлор талкууга алынары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG