Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:59

Ооганcтан менен Пакистандын президенттери Түркияда жолугушууда


Түркия -- Президент Абдулла Гүл, премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган Ооган жана Пакистан президенттери менен
Түркия -- Президент Абдулла Гүл, премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган Ооган жана Пакистан президенттери менен

Ооганстан менен Пакистандын президенттери бүгүн Истамбулда жолугушууда. Хамид Карзай менен Асиф Али Зардаринин сүйлөшүүсү эки өлкөнү ымалаштыруу далалатында Түркия арачы түшкөн экинчи жолугушуу болуп саналат.

2007-жылы апрел айында Карзай менен Пакистандын ал кездеги мамлекет башчысы Первез Мушараф Анкарада көздөшүп, талибдерге каршы чогуу чара көрүүгө макулдашкан. Бирок Ооганстан Пакистанды "чек арадан өтүп келип, Ооганстанда чабуул жасап жаткан талибдерди токтотуу үчүн жетиштүү чара көрбөй жатат" деп айыптап келген эле.

Ооган президенти Хамид Карзай жана анын пакистандык кесиптеши орток чек арадагы коопсуздукту биргелешип камсыздоонун стратегиясын сөз кылышууда. Пакистандын батышындагы борборго баш ийген Уруу аймактары жана ага чектеш Түндүк-Батыш чек ара дубаны эки өлкөдө бирдей аракеттенген радикал талиб согушкерлеринин таянычына айланган.

Ооганстанда эл аралык тынчтык күчтөрүнүн катарында 900гө чукул аскери кызмат өтөп жаткан Түркия аймактык кызматташттыкты өөрчүтүүдө өзүнүн саясий салымын кошууга дилгир экени маалым.

Себгатулла Санжар - президент Карзайдын саясий кеңешчиси. Анын айтымында, мусулман өлкөсү катары Түркиянын Пакистан менен да, Ооганстан менен да мамилеси жакшы болгондуктан, азыркы кырдаалда Анкаранын бийлиги конструктивдүү роль ойной алат:

– Түркиянын президенти буга чейинки аракеттерин улантып, Ооганстандагы тынчтык жараянына жардам берип жатат. Ошондуктан ал Ооган жана Пакистан президенттерин Түркияга чакырды. Бул сүйлөшүү Ооганстандагы тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөөгө салым кошуучу маанилүү окуя болуп калат деп үмүттөнөм.

Түркияга чейин талибдер менен ооган бийликтерин ыкка келтирүүгө Саударабия аралашып келди.

Акыркы жети жылда Карзай "Ооганстандагы талибдерди жана ал-Каиданы колдоп, же аларга көз жумуп жатат" деп Пакистанды күнөөлөп келген эле. Ушундан улам анын экс-президент Мушараф менен мамилеси начар болгон. Эки президент маалымат каражаттары аркылуу көп кайым айтышчу.

Бирок Карзайдын администрациясы Пакистандын учурдагы президенти, анын администрациясы жана Пакистан парламенти аймактагы террористтер менен күрөшүүгө олуттуу мамиле жасайт деп ишенээрин айтууда. Буга Санжар президент Карзай менен Зардаринин жылуу-жумшак мамилесин далил тартты:

– Сентябрда Пакистандын парламентинде президент болуп шайлангандан кийин Зардари Ооганстандын президентин өзүнүн ант берүү аземине чакырган. Ошол күндөн бери Ооганстан менен Пакистандын президенттери Ооганстанда тынчтыкты бекемдеп, аймактагы террорго каршы согушка олуттуу мамиле жасаарын өз өлкөлөрүн да, дүйнөнү да ынандырууга чын дилден аракет кылып келатышат.

Бүгүн Истамбулда өтүп жаткан эки тараптуу самитте эки өлкөнүн мамлекет башчылары ошондой эле аймактагы уюшкан кылмыштуулук жана баңги аткезчилигине каршы күрөштү да сөз кылышмак. Карзай менен Зардари ошондой эле түрк президенти Абдулла Гүл, өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдогандар менен өз өзүнчө жолугушуп, Түркия менен экономикалык, саясий мамилелерди талкуулашат.

XS
SM
MD
LG