Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:44

“Жаңы Кыргызстан” оппозиция менен бирге жаңы кыймыл түптөйт


6-декабрда “Акыйкат үчүн” кыймылга кирген партия лидерлери менен “Жаңы Кыргызстан” партиясынын баш катчысынын сүйлөшүүсү болду. Анда келечекте жаңы кыймыл түзүү мүмкүнчүлүгү белгиленди.

“Жаңы Кыргызстан” менен оппозициячыл “Акыйкат үчүн” кыймылдын лидерлеринин алгачкы расмий жолугушуусу 3-декабрда болуп өткөн. Мындай жолугушуу “Жаңы Кыргызстандын” түптөөчүсү Үсөн Сыдыковдун президенттин кеңешчиси кызматынан 2-декабрда кетүүсү менен удаалаш болду.

Алгачкы жолугушууда тараптар позицияларын такташып, көп маселелер боюнча пикирлери окшош болуп чыкканын белгилешкен. Экинчи жолугушуу ишемби күнгө белгиленген эле.

Мына, 6-декабрда кезектеги жолугушуу болуп, ага “Акыйкат үчүн” кыймылдан Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Эмил Каптагаев, Аликбек Жекшенкулов, Иса Өмүркулов жана башкалар, экинчи тараптан “Жаңы Кыргызстандын” баш катчысы Исмаил Исаков катышты.

Исмаил Исаков жолугушуу жана анын натыйжасы тууралуу буларды билдирди:

-Бүгүн жолугушуу болду. Ал абдан конструктивдүү өттү. Жолугушууда биз келечекте бир кыймылды түзүп, ошол кыймылдын негизинде иш алып барууга баарыбыз макул болдук. Биз мурда эле айтып жүрдүк эле бир кыймыл түзөйлү, анын принциптерине макул болгон партиялар, өкмөттүк эмес уюмдар, атуулдар кирсе болот деп. Мына ошол ишке ашып жатканына биз кубанычтабыз. Ошол принциптерди тактап алдык, - деген Исмаил Исаков биригүүнүн негизги багыты азыркы саясий системаны өзгөртүүдө болуп жатканын кошумчалады.

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев жолугушуу жана жаңы кыймыл түзүү демилгеси тууралуу буларды билдирди:

-Сүйлөшүү абдан натыйжалуу болду. Биригүүнүн жолдорун жакын арада биз жарыялайбыз. Кудай буюрса, бир гана “Жаңы Кыргызстан” эмес, анын артында турган бир топ саясий адамдар, күчтөр келет. Жер-жерлерден да күчтөр чыгып жатат. Алар өздөрүнүн алдына максаттарын катуу коюп чыгууда. Анан ошолордун баарын бириктириш үчүн жаңы элдик кыймыл түзүү мүмкүнчүлүгү да талкууланды. Ал боюнча жакын арада чечим кабыл алып, маалымдайбыз.

“Жаңы Кыргызстан” партиясынын оппозицияга карай ыктоосу бара-бара күч алып баратат. Партия лидеринин мындай кадамына каршылык да чыгууда. Маселен, алгачкы нааразылык Баткен облусунан келди. Партиянын Баткен облустук бөлүмү партия лидеринин билдирүүлөрү менен макул эместигин, ошондуктан “Ак жол” партиясына кошулуу мүмкүндүгүн жарыялашты.

Талдоочулардын пикиринде, регионалдык бөлүмдүн мындай билдирүүсү “Жаңы Кыргызстандын” мурунку баш катчысы, азыркы кезде президентке эң жакын адамдардын бири болгон мамлекеттик катчы Досбол Нур уулунун аракетинин натыйжасында болушу ыктымал.

“Жаңы Кыргызстан” партиясынын лидери Исмаил Исаковдун бийликтин кескин сынга алуусуна карабай, партия эки ажырым жолдо турат, деп эсептейт саясат таануучу Марат Казакпаев:

-“Жаңы Кыргызстан” оппозицияга баш-оту менен кире албайт. Ошол эле Революциялык комитетке, же Коомдук парламентке бириге албайт. Алар азыркы кезде да президент менен сүйлөшүүсүн улантып жатат. Ошондуктан оппозицияга толугу менен кире албайт. Булардын өзүнүн стратегиясы бар, эгерде президент өкмөт башчыны кетирсе, анын ордуна “Жаңы Кыргызстан” келиши мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG