Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:04

Евробиримдиктин миссиясы Косоводогу ишин расмий баштады


Косово. Евробиримдиктин миссиясынын полиция кызматкери, 09 декабрь 2008
Косово. Евробиримдиктин миссиясынын полиция кызматкери, 09 декабрь 2008

2 миңдей полиция жана юстиция кызматкеринен турган топко Косовонун бийликтерине коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө кеңеш берүү жана мониторинг жүргүзүү вазийпасы жүктөлөт. Миссия өз ишин жайында эле баштамак, бирок Белграддын каршылыгынан улам кечеңдетилген.

Сербиянын мурдагы аймагы дээрлик 10 жыл Улуттар уюмунун башкаруусунда болуп келди. Эми Косоводо Еврошаркеттин юстиция, полиция жана бажы кызматкерлери расмий ишке киришти.

Баш калаа Приштинада өткөн пресс-конференцияда миссиянын жетекчиси Ив де Кермабон алгачкы күн тынч башталганын маалымдады:

- Бүгүнкү күндүн таңынан тартып бардык полиция бекеттеринде, соттордо жана бажы кызматында биздин адамдар көзөмөлдөө, жергиликтүү кесиптештерине кеңеш берүү ишин башташты.

Миссия Косовонун тартип коргоо жана мыйзам сактоо институттарын Еврошаркеттин стандарттарына ылайыкташтырууну, албандар менен серб азчылыгынын ортосундагы тирешүү уланып жаткан аймакта стабилдүүлүктү орнотууну көздөйт.

Приштинанын айрым тургундары бул кадамды кубатташты. Албан улутундагы Артан Мустафа “Азаттыкка” билдиргендей, Улуттар уюмунун администрациясы негизинен саясий маселелерге көңүл буруп келди:

- Бүгүнтөн тартып Евробиримдиктин юридикалык башкаруу системасы киргизилүүдө. Бул - коомдун өнүгүп өсүшүнө олуттуу жардам бермекчи. Азырынча миссия анча популярдуу эмес болгону менен, болочокто Косовонун алга жылуусуна чоң көмөкчү боло алат.

Миссия өз ишине июнь айында эле киришмек. Бирок Серб бийликтеринин каршылыгынан улам кийинкиге калтырылган. Белград шаркеттин 22 мүчөсү Косовонун эгемендүүлүгүн тааныганда абдан ачууланган.

Серб өкмөтү биримдик объективдүү эмес, андыктан косоволук албандардын укуктарын жакшылап коргой албайт деп ырастап келди. Белград БУУ менен кошо сербдер жыш жайгашакан аймактардагы жоопкерчилик Улуттар уюмунун көзөмөлүндө кала берет деген планды колдогон. Приштинанын албан жетекчилери сунуш, иш жүзүндө, Косовону бөлүүгө барабар деп чыгышты.

Шейшембиде Косовонун премьер-министри Хашим Тачи Еврошаркеттин миссиясы өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн колдойт жана кош институттарга чекит коет деген ишенимин ортого салды:

- Косово жумуриятындагы бардык мыйзамдуу мекемелер иштеп кетет деп күтөбүз жана параллелдүү мыйзамсыз структуралар токтотулат деп үмүттөнөбүз. Косовонун аймагында бирдей мыйзам актылары гана болушу керек.

Жетишилген мунасага ылайык, сербдер көпчүлүктү түзгөн Митровица өңдүү чөлкөмдөр БУУнун убактылуу көзөмөлү алдында кала бермекчи.

Митровицадагы сербдердин улуттук кеңешинин мүчөсү Небойся Йовичтин пикиринде эми коопсуздук кырдаалы курчушу ыктымал:

- Шаркеттин миссиясы нейтралдуу статусту карманса, анда сербдер тарабынан эч кандай проблема чыкпайт, тескерисинче, бул ишенимди арттырмакчы. Бирок 24 сааттын ичинде Улуттар уюмунун полициясы униформаларын алмаштырганда, биз ким менен кызматташабыз деген суроо пайда болушу мүмкүн.

Ар кандай көтөрүлүш же нааразылыктар чыгып кетиши мүмкүн деген чочулоолордон улам, НАТОнун Косоводогу бейпилдик күчтөрү жогорку даярдыкка келтирилди.

XS
SM
MD
LG