Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:22

АКШнын демилгеси БУУнун жүгүн оорлотот…


Кошмо Штаттар глобалдык терроризмге каршы күрөштөгү Улуттар Уюмунун ролун дагы бекемдөөгө даяр. Бул тууралуу АКШнын элчиси Залмай Хализад шейшемби күнү БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги дебат учурунда маалымдады. Кеңеш талкуу соңунда дүйнөлүк терроризмге каршы согуштун башында БУУ турсун деген билдирүүнү бир добуштан кабыл алды.

2001-жылдын 11-сентябрында АКШнын шаарларына жасалган чабуулдардан бери терроризмге каршы жүрүп жаткан согушка арналып, БУУнун Коопсуздук Кеңешинде болгон талкуу тогуз саатка созулду. 9-декабарда өткөн талкууда АКШнын элчиси Залмай Хализад мындай билдирүү жасады:

-Кошмо Штаттары терроризмге каршы глобалдык күрөштөгү Улуттар Уюмунун башкы ролун бекем колдойт жана БУУнун мүмкүнчүлүгүн чыңдоону, ошондой эле вазийпасын конструктивдүү жана үзүрлүү аткарууда чечкиндүү болуусун каалайт.

Хализад Улуттар Уюмуна караштуу мекемелердин глобалдык күрөшкө практикалык салым кошуусу зарыл экенине токтолуу менен, БУУнун терроризмге каршы аракети дүйнө өлкөлөрүн бул күрөштөн четтетпеш керек деди:

-Коопсуздук Кеңеши башкы ролду аткарып жатканда, Улуттар Уюмуна кирген өлкөлөр билим берүү, экономиканы өнүктүрүү сыяктуу иштер аркылуу террористер жана экстремисттер пайдаланчу кыртышты жок кылыш керек.

Хализад сүйлөгөндөн мурда, Коопсуздук Кеңешинин үстүбүздөгү айдагы төрагасы, Хорватиянын президенти Стипе Месич Жорж Буштун өкмөтүнүн «терроризмге алдын алып сокку уруу» деп аталган доктринасын сынга алды. Глобалдык терроризмге каршы ураан чакырган Вашингтон эч ким менен масилээтешпей эле Иракта согуш ачты, деп санайт Месич.

Өз кезегинде, президент Буш БУУнун Коопсуздук Кеңешинде айтылган сынды четке кагып, АКШ дагы бир чабуулду күтүп турбастан чечкиндүү аракетенгенин айтты:

-Биз чабуулга даяр болушубуз шарт. Американын элин коргоо боюнча милдетибизди аткарууда биз чечкиндүү жана тайманбас болушубуз керек, деди Жорж Буш Вест Пойнттогу(West Point) АКШнын аскерий академиясынын угуучулары менен болгон кездешүүдө. Буш терроризмге каршы согушта БУУ негизги ролду ойнош керек деген Хализаддын сөзүн колдободу. Бирок, АКШ аскерлери бул согушта биринчи катарда жүргөнүн баса белгиледи:

-Биз терроризмге каршы глобалдык согушта Атайын операциялар боюнча командачылкка башкы ролду жүктөгөнбүз. Контртеррдук күчтөрдү бекемдөөгө катар козголоңчуларга каршы күрөшкө жаңыча мамиле кыла баштадык.

БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун Коопсуздук кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө терроризмди «глобалдык балээ» деп мүнөздөдү. Ошондой эле, Улуттур Уюмунун мүчөлөрү 60 жыл мурда кол коюлган Адам Укугу боюнча универсалдык декларацияда айтылган баалуулуктарды коргоого тийиш, деди Пан Ги Мун.

XS
SM
MD
LG