Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:46

Талиптер НАТОну коопсуз жолдорду издетүүдө


АКШ жана НАТО Пакистандан Ооганстанга барчу алтернативдүү жолдорду издөөдө. Буга талиптердин акыркы айларда НАТОнун Ооганстанга бараткан кербендерине кол салууларынын көбөйүүсү жана Пешавар автотерминалына жасаган чоң чабуулу түрткү болууда.

НАТО береги чабуулдардан улам Россия жана Борбор Азиянын экс-советтик республикалары кирген «Байланыштын желеси» деп аталган долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн караштырууда.

Талиптер акыркы кезде Ооганстандагы НАТОнун аскерлерине жүк тарткан кербендерге кол салууну күчөтүштү. Атүгүл 7-декабрда Пакистандын Пешавар шаарына чукул жердеги автотерминалга чабуул жасашып, НАТОнун ондогон жүк тартчу машинелерин жок кылышты.

НАТОнун өкүлү Жеймс Аппатурай 10-декабрда «Азаттыкка» берген интервьюда Пешавар терминалына жасалган чабуул НАТОлук аскерлерди камсыздоого коркунуч туудурбаганын белгиледи:

- Бул чабуул көңүл бурчу окуя болду. Бирок жалпы камсыздоо үчүн аскерий, статистикалык жана стратегиялык жактан таасир этпеди. Чабуул коркунучтуу болгону менен Ооганстанга тынбай жүк кетүүдө. Албетте талиптер колдон келишинче аймак аркылуу жүк өткөрбөөгө аракет кылууда.

Аппатурайдын айтышынча, талиптер автокербендерге жана автотерминалдарга кол салгандан алда канча мурда НАТО Ооганстанга барчу альтернативдүү жолду издей баштаган. Бул долбоорду Россия да колдогон.

Ооганстанда азыр НАТО башындагы Коопсуздукка көмөктөшчү эларалык күчтөр жана АКШ баштаган коалициялык күчтөр болуп, 65 миң чамалуу четөлкөлүк аскер бар. Аларга каруу жарак, азык-түлүк, күйүүчү май жана башка заттардын дээрлик 75 проценти Пакистан аркылуу келет. Береги заттар оболу Карачи портуна түшүрүлүп, андан Пешеварга ташылат да Хайбер ашуусу аркылуу Ооганстанга жеткирилет.

Талиптер акыркы айларда Пакистанда жок кылган НАТОго тийиштүү заттар Ооган жериндеги натолук аскерлерге Хайбер ашуусу аркылуу келип жаткан жүккө салыштырса, арзыбаган нерсе болуп калат, дейт Маттью Клементс:

- Зыяндын көлөмү чоң эмес. Бирок берегидей чабуулдар азыркыдай тынбай улана берсе, НАТОнун аскерлерин камсыздоого залалы тиет. Ошон үчүн НАТО башка да жүк тартчу жолдорду издөөдө.

Клементс - Лондондогу "Jane's Country Risk" басылмасынын талдоочусу. Анын айтышынча, Россия жана Өзбекстан Ооганстанга жүк жеткирүү боюнча апрелде НАТО менен келишим түзгөн. Бул келишимге ылайык, негизинен тамак-аш жана күйүүчү май ташылмак. Бирок августа Грузия-Россия ортосунда болгон согуш жана АКШнын Европадагы ракетадан коргонуу планы боюнча Вашингтон-Москва арасындагы араздашуу аталган келишимдин аткарылышына жолтоо кылып койду. Анткен менен, Москва НАТОнун Ооганстандагы операциясын колдоодо жана жүктү Борбор Азия аркылуу ташууну сунуш кылууда. Ошол эле учурда Өзбекстан да Батышка кучагын ачууда, дейт лондондук эксперт.

- Мен Өзбекстан өз аэробазасын кайра ачат деп ойлобойм. Бирок НАТО жана Кошмо Штаттар менен кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин көрсөтүүдө.

Клементстин сөзүнчө, Борбор Азия жана Кавказда транспорт инфраструктурасы жакшы өнүкпөгөн. Андыктан региондо Ооган жериндеги НАТОлук күчтөрдү камсыздоочу ишенимдүү жолду ачуу үчүн миллиондогон доллар керек.

XS
SM
MD
LG