Бул тууралуу билдирген Элдик революциялык комитеттин мүчөсү Топчубек Тургуналиевдин айтымында, 20-декабрдагы митингде Бириккен оппозиция түзүлдү деп жарыяланышы мүмкүн. “Жылдын аягында Бириккен оппозиция Курманбек Бакиевди кызматтан кетирүү жана жаңы бийлик системасын түзүү келишимине кол коюшу ыктымал”,-дейт Тургуналиев. (AJ)