Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:20

Москвада оппозициянын митинги өттү


Москвада 15-декабрда бийликтен уруксатсыз нааразылык акциясы өттү. Демонстранттар мурунку күнү милиция кармап кеткен «Макул эместер маршынын» катышуучуларын бошотууну талап кылышты. Пикетке чыккандар «Полициялык мамлекет жоголсун!», «Саясий айып менен түрмөдө жаткандар бошотулсун!» деген жазуулары бар кагаздарды көтөрүп чыгышты.

Жекшембиде оппозиция уюштурган акция катышуучулары ичинен бийлик карматкан кишилер эсеби жүздөн ашаары маалым болууда. Кыйласы ур-токмокко алынганы да айтылууда.

Жекшемби күнү Владивосток, Новосибирск, Санкт-Петербург, Москва жана Калининград шаарларында нааразылык акциялары өттү. Алардын арасынан үч шаарда митингге чыккандар көчөнү буушкан. Москва менен Питерде милиция менен кармашуу орун алды жана көчөгө чыккандардын кыйласы камакка алынган.

Алар каржы кризисине Кремлдин көрүп аткан чарасына, президенттик мөөнөттү узартуу максатта Баш мыйзамга киргизилип аткан өзгөртүүгө жана бажылык салыктын кымбатташына нааразы экенин билдиргени чыгышкан. «Макул эместер маршы» кыймылы бийликтен митинг өткөрүү үчүн уруксат ала алган эмес жана ошого карабай көчөгө чыгышкан.

Көчөгө чыккандардын жолун катуу тороо Москва менен Питерде орун алган. Милиция аларды эл чогулучу жерге жете элегинде бирден кармап үй-үйлөрүнө кайра айдап таркатышкан.

Москва шаардык милиция башчысы Виктор Бирюков митинг катышуучуларынын токсонго жакыны камакка алынган. ИТАР-ТАСС болсо Питерде кармалгандар эсеби 61 киши экенин билдирген.

«Макул эместер маршына» кошулабыз деп бул жолу отставкадагы 50гө чукул генералдар да көчөгө чыккан. Алар орус армиясында жүрүп аткан реформага нааразы экенин айтышкан. Кийин кармалгандар арасында отставкадагы генерал Алексей Фомин менен отставкадагы адмирал Владимир Березин да бар.

Кремлдик саясий төбөлдөр уюштурган «Жаш гвардия» кыймылы «Тилектештик» кыймылына жасаган бут тосуусун улантышууда. Алар Пушкин аянтынын маңдайындагы имарат үстүнөн чыгып алышып, «Биз» кыймылы уюштурган «Путин ордуна Пушкин» акциясынын катышуучуларына багыштап: «Кайыкты чайпалтпагыла!» деген каяша айтуу менен ал жактан баракчаларды ыргытышкан. Кийин милиция алардын арасынан да бир тобун кармап кеткени дайын болгон.

Милиция менен кагылыш Владивосток шаарында болгон эмес. Ал шаардын мэри Игорь Пушкарев менен Примор крайынын вице-губернатору Александр Костенко митингге чогулган 1500 кишинин алдына чыгышкан. Алар эл талап кылган бажылык салыкты буздурууга макул экенин жана ал талапты Мамдума менен өкмөткө жеткирише тургандыгын айтышкан.

«Коммерсант» гезити “көчөгө чыккандар «Путин – кетсин!» ураанын кыйкырып, Владивосток шаарынын тоом жолу өтчү Некрасов көчөсүнө дейре келишип, ары-бери өткөн кыймылды бууп салышкан. Жолду буу беш саатка уланган. Көз байланганда гана тарап кетишкен” деп жазат.

Көчөгө чыккандар дээрлик авто унаа айдагандар болушкан жана алар 11-январдан тартып күчүнө кирүүчү орусиялык бийликтин чет элдик машинеге бажылык салыкты көкөлөтүү мыйзамына каршы экенин билдиришкен.

"Левада" борборунун талдоочусу Леонид Седов орус коомунда нааразы болуу үчүн себептер алдыда дагы да көп экенин айтат:

- Биз жүргүзгөн сурамжылоо жыйынтыгында калктын 14-17 пайызына чейинкиси кризистен кысым көрүшүүдө. А кризис жаңы башталды жана ал кыйлыга созулат.

Дүйшөмбү, 15-декабрда Ижевск шаарында эки миңге чукул киши көчөгө чыккан. Алар турак-жайда жашоо акынын 25 пайызга кымбатташына нааразылык билдирип көчөгө чыгышкан. Митингдин катышуучулары ижевдик администрация жетекчиси Александр Ушаковдун эл алдына чыгуусун талап кылышкан, бирок ал жетекчи чыкпай койгондо төртүнчү күнү да митинг өткөрүнү убадалашып эл тараган.

XS
SM
MD
LG