Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

Кыргыз бийлиги “Азаттыктын” жолун бууп салды


Мындай маалыматты "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун баш кеңсеси таратты. Буга Улуттук телерадиокорпорациянын башкы директору Мелис Эшимкановдун “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын жетекчилери менен кечээ жолугушканда “Азаттыктын” үналгы жана сыналгы берүүлөрү “кыргыз бийлигин абдан сындайт жана коомго терс таасир берет” деп, берүүлөрдүн мазмунун обого чыгаардан мурун текшерүү зарыл деп билдиргендиги негиз берди. Американын берүүлөр боюнча башкаруучулар кеңеши мындай талапты аткаруу мүмкүн эмес деп тапты. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Жефри Гедмин “Азаттык” СССР кулагандан кийин биринчи жолу кайра кыска толкунга чыгарылаарын жана Кыргызстандагы реформалардан жакшы натыйжа күтүшкөндүгүн билдирди. Бул окуяга байланыштуу ЕККУ Кыргызстандын бийлигин “Азаттыктын” берүүлөрүнө тоскоолдук кылбоого чакырды. УТРК “Азаттыктын” берүүлөрүн 8-октябрдан бери обого бербей, ага “Азаттыктын” карыз экендигин негиз кылган. Бирок акыркы жолугушууда башкы себеп “Азаттыктын” берүүлөрүнүн мазмуну экендиги ачыкталды.(BD)

XS
SM
MD
LG