Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:45

УТРК коомдук болобу же кол бала бойдон калабы?


Аялдардын саясий талкуу клубу уюштурган коомдук угууда ММКдын абалы, сөз эркиндиги, атуулдардын так маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнүн чектелиши, “Азаттык”, “Би-би-синин” УТРКдан чыкпай калышы кеп болду.

Аялдардын саясий талкуу клубунун координатору Калича Үмөталиева өлкө атуулдарынын массалык маалымат каражаттары аркылуу маалымат алуу мүмкүнчүлүгү чектелип жатканын, сыналгы компаниялары өлкөдө болуп жаткан окуяларды ачык, айкын берүүнүн
ордуна бурмалап, жасалма жасакерленүү жолуна өткөнүн билдирди.


Анын айтымында, 5-каналдагы “Политбюро”, УТРКдагы “Бетме-бет”, “Беш ашуу” жана башка берүүлөрдүн жабылышы коомдук уюмдардын эле эмес, катардагы көрүүчүлөрдү да тынчсыздандырууда. Үмөталиeва “Азаттык”, Би-би-си үн алгыларынын берүүлөрүн обого чыгарууда проблема пайда болгонун, 5-канал менен УТРКнын жетекчилиги бир катар теле долбоолорду чыгарууга NDI акча каражатын алдын ала беребиз дегенине карабай макул болбой койгонун билдирди.

УТРКнын кызматкери Жайнагүл Максимова болсо улуттук каналга Мелис Эшимканов жетекчи болуп келгенден бери “Азаттык” менен Би-би-си үн алыгларын обого чыгарбай койгону аз келгенсип, социалдык-экономикалык программалар, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо жана мекенди сүйүүгө үндөй турган берүүлөр эфирден алынып салганын белгиледи. Анын айтымында, УТРК айрыкча түштүк аймагын мамлекеттин саясаты менен камсыз кыла албай, маалымат айдыңын колдон чыгарып жиберди:

-Бүгүн айрыкча түштүктө биздин балдар президенттин дагы аты-жөнүн билбей калышты. Мектеп окуучуларынан биздин президенттин аты-жөнү ким?- десе, “Ислам Каримов” дейт. Ошондуктан ал жерде УТРК маалымат айдыңын жоготуп койду.

Максимова УТРКнын жетекчиси Мелис Эшимкановду кызматтан алса эле улуттук каналдын иши оңолуп кетет деген ишенимде.

Талкууга катышкан Жогорку Кеңештеги Кыргызстан коммунисттери фракциясынан депутат Исхак Масалиев болсо Мелис Эшимкановду кызматтан кетирүү демилгесин колдоорун, бирок аны кызматтан алуу менен эле УТРК оңолуп кетет деген ойдон алыс экендигин айтты:

-Убагында телевидениеде Коомдук кеңеш түзүү аракети көрүлгөн. Тилекке каршы кийин бул идея бузулуп азыр УТРКда коомдук көзөмөл болбой калды.

Искак Масалиев белгилегендей парламент президент тарабынан сунушталган эч кандай маселе чече албаган таасири жок Байкоочу кеңештин мүчөлөрүн бекитти.

Айрым талдоочулар мындан эки жыл мурда ноябрь митингисинде Мелис Эшимканов УТРКны коомдук телевидение кылуу керек деп ураан чакырып чыккандардын бири экендигин, коомдук телевидение кылмайынча улуттук канал оңолбостугун айтышууда.

Медиа өкүлү Илим Карыпбеков болсо учурунда Коомдук телевидение түзүү демилгеси туура көтөрүлгөнүн, бирок аны коомчулук колдобой, оппозиция митингде саясий курал катары колдонуп, кийинчерек буга көңүл бурбай койгонун белгиледи.

-Азыркы учурда Коомдук телевидение кылууга эч бир мүмкүнчүлүк жок. Себеби дегенде, Коомдук телевидение түзүүнү түп орду менен жоготуп бүтүрүштү. Азыркы учурда кайра Коомдук телевидениени баштоо же болбосо мурдагы теле боюнча мурдагы мыйзамга кайтып келүүгө саясий жаткан эч бир мүмкүн эмес.

Карыпбеков ошондой эле коомдук телевидениени түзүү үчүн саясий эрк керектигин, бул маселени чече турган адамдардын каалоосу жоктугун, коомдук телевидение жөнүндө элдин түшүнүгү тайкы болгондугунан коомчулук колдобой койгондугун кошумчалады.

XS
SM
MD
LG