Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:54

С.Жайчыбеков: БУУнун чечими Аксы окуясын мындан ары да териштирүүгө шарт түзөт


Быйыл 17-мартта Аксыда өткөн Элдик сот бир катар адамдарды күнөөлүү деп тапкан.
Быйыл 17-мартта Аксыда өткөн Элдик сот бир катар адамдарды күнөөлүү деп тапкан.

БУУнун адам укуктары боюнча комитети Аксы окуясында, тагыраак айтканда 2002-жылдын 18-мартында атылып кеткен Элдияр Үмөталиевдин ата-энесинин арызын карап чыгып, алардын уулунун өлүмү үчүн Кыргыз Республикасын айыптуу деп тапкан. Биз маркум Элдиярдын ата-энесинин арызын БУУнун комитетине даярдап, тапшырган адвокат Сартбай Жайчыбековду сөзгө тарттык.

- Бириккен Улуттар Уюмунун бул чечими аксылык жабырлануучулар үчүн кандайдыр бир артыкчылык мүнөзгө ээ боло алабы. Анткени сиз жакшы билесиз 2002-жылы 17-18-мартта бийликтин аткан огунан жабыркагандардын баары бүгүнкү күнгө чейин акыйкат болбогондугун айтып келишет?

- Негизинен БУУнун чыгарган бул чечими, Кыргыз Республикасын айыптуу деп тапкандыгы бул Аксы окуясынын мындан ары дагы териштирилишине шарт түзөөрүнө ишенем. Себеби алар жөн гана чечим чыгарып коюп, ошону менен калып калбастан, кандай мамлекет ошого чара көргөндүгү боюнча дайыма сурап турат мамлекет башчысынан.

Көбүнчө чет өлкөлүк жыйындарга чыкканда эмне болуп чечилип жаткандыгы боюнча алар дайыма маалымат сурап турушат. Ал эми аксылык жабырлануучулар болсо ушуну менен эле тынчып калбайт. Себеби жөн эле элди атып таштап туруп, анан эч бир жоопкерчиликсиз, өйдө-ылдый кылып, ар кандай соттун чечимин чыгарып коюп, жөн гана элди алдап коюу мүмкүн эмес азыркы шартта.

- Бирок сиз билесиз да, мурдагы бийликтин тушунда дагы, азыркы бийлик да кайрадан Жогорку Соттун чечимин буздуруп, кайрадан сот өткөргөн күндө дагы болгон соттун адилеттигине аксылык жабырлануучулар ыраазы болгон жок соттук териштирүүнүң жыйынтыгына. Эми мындан ары деле бийлик чет жака чыгабы, башка эл аралык жыйындарда айтабы, баары бир айтаар жообу белгилүү болуп турат. Аксы окуясын биз соттук териштирүү жасап, акыйкат баа бердик деп айтаары бул бышык нерсе. Сиздин көзүңүз жетеби, азыркы бийликтин Аксы окуясы боюнча адилет иш жасаарына?

- Азырынча менин көзүм жетпейт. Азыркы мамлекеттин башында тургандардын саясий эрки жетпейт. Себеби бул иштин башында Курманбек Бакиев өзү турат. Анан кийин беркилерин санасак болот. Аны биз учурунда билген эмеспиз. Азыркы шартта чыгып атпайбы, “Тайфун” операциясына кол коюп, ошонун натыйжасында Элдияр Үмөталиев каза болуп атат. Ошону жетектеген адамдарды актап атпайбы, Садиевди актап атат. Тикелей-тике ошол жерде атууларды 18-мартта жетекчиликке алган Садиев. Ошону көзөмөлдөп турган Кыргыз Республикасынын Башкы прокурордун биринчи орун басары Курмантай Абдиев болгон. Ошол учурда башкы прокурор Чубак Абышкаев болгон. Ошолордун жетекчилиги менен иш жүзүнө ашкан.

Ал эми кийинки соттук бурмалоолорду болсо Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун биринчи орун басары Жеңиш Досматов өзү жетектеген. Азыр деле алар бийликте отурушат. Кантип алар анан өздөрү өздөрүн соттоп жиберет, соттоп жибербейт. Ошондуктан мен ишенбейм. Бул бийлик турганда Аксы окуясы аягына чыгарылбайт. Бирок БУУдан чыгарылган чечим бул натыйжалуу нерсе. Бул келечекте дагы териштирилүүгө толук мүмкүнчүлүк берет. Мен ошого толук ишенем.

- Маегиңизге рахмат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG