Августтагы согуштан кийин эки тараптын ортосунда сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, мамилесин жакшыртууга арналган сүйлөшүүлөр Евробиримдиктин, Улуттар уюмунун жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун демилгеси менен экинчи ирет өтүп жатат. Бул жолу кеп Грузиядан өздөрүн көз-каранды деп жарыялап чыккан Түштүк Осетия жана Абхазия жөнүндө болмокчу.