Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Гуантанамо түрмөсүндө жети жыл өткөргөн босниялыктардын арманы


Надя Диздаревич
Надя Диздаревич

Жети жыл өмүрүн Гуантанамо түрмөсүндө өткөргөн босниялык үч жаран бейшемби күнү мекенине кайтып келди. Өткөн айда АКШнын соту Боуделла ажы, Мустафа Айт Идр жана Мухаммед Нехле такталбаган маалыматтын негизинде кармалган деп тапкан.

Бул үчөө өздөрүндөй эле Алжирде туулган үч босниялык менен чогуу террорчулук жасашты деп шектелип, жети жыл мурда АКШ бийликтеринин өтүнүчү менен кармалган.

Боуделла ал-Ажы, Мустафа Айт Идр жана Мухаммед Нехле - үчөө тең киндиги Алжирде кесилген Босния жарандары. Шейшемби күнү Сараево аэропортуна келип түшкөн бул үчөө адегенде жергиликтүү полиция кызматында тийиштүү каттодон өткөндөн кийин гана үй-бүлөлөрү жана туугандары менен жолуга алышты.

Теги алжирлик босниялыктарды АКШнын Гуантанамодогу абагынан бошотууга ал-Ажынын аялы Надя Диздаревичтин кошкон салымы зор. Надянын Ройтерс телеканалына берген маегинде айтышынча, күйөөсүн жана башка эркектерди 2001-жылы уурдап кеткен адамдар соттолушу керек:

- Жети жылдан кийин, үч эркектин эркиндиги үчүн болгон күрөшүм, Кудайга шүгүр, аяктады. Бирок башка адамдардын инсандык укугу үчүн күрөштү токтотпойм. Мен береги эркектерди уурдаганга тийешеси барлар сот алдында жооп берүүсү үчүн күрөшөм.

Босниянын Жогорку соту Боуделла ал-Ажы жана анын шериктери далилсиз кармалган, ошондой эле АКШга мыйзамсыз өткөрүп берилген деп тапты. Ошондон кийин Надя Диздаревич Босния өкмөтүнүн мыйзамсыздыгын айтып, Европанын Адам укугу боюнча сотуна арыз жолдоду.

Алжирде туулган Босниянын жарандары Гуантанамо түрмөсүндө «душмандын мыйзамсыз согушчандары» деген статус астында кармалып, бирок жети жылда аларга эч кандай айып тагылган эмес. Өткөн айда АКШ соту алардын үчөөсүн террорчу катары кармоого далилдер жетишсиз деп, абактан бошотууну буйруган. Калган үчөөнү чыгарбоого сотто жетерлик далилдер бар экени маалымдалды.

Сараевого кайтып келген Мустафа Айт Идр айыпсыз кармалганын айтып өкүнөт:

- Жети жылды камакта жазыксыз өткөргөндөн кийин эмне дей алам? Балдарым чоңоюп калыптыр. Башка эмне дейм?

Мустафа жана анын эки шериги АКШ сотунун чечими менен бошотулган Гуантанамо түрмөсүнүн биринчи туткундары.

Алардын Боснияга кайтып келгенине нааразылар да бар. Парламенттин мүчөсү Дусанка Мажкичтин пикиринче:

- Алар Босния-Герцеговинанын коопсуздугуна али коркунуч туудургандыктан, түпкү мекенине кетиш керек деп ойлойбуз. Босниядагы Серб республикасынын президентинин пикиринче, алар Боснияга коркунуч жараткандыктан, бул өлкөнү таштап кетиши абзел.

АКШнын президенти шайланган Барак Обама 20-январда тактыга ырасмий отургандан кийин Гуантанамо түрмөсүн жабам деп сөз берген. Ал жердеги 250 туткун, Обаманын сөзүнчө, АКШнын түрмөлөрүнө которулуп, сот жараянын күтөт.

XS
SM
MD
LG